Прокариоттор

Прокариоттор (лат. Procaryota, б.-грек. προ «алдында» жана κάρυον «ядро») – калыптанган ядросу жок, типтүү хромосомдук аппаратсыз, митохондриясыз организмдер. Буларда ДНКнын жана аз сандагы белоктордун оролушкан молекулалары бар. П-до митоз жана мейоздук көбөйүү да жүрбөйт. Алар 3000ге жакын түрдү кармайт. Буларга көптөгөн бактериялар, көкжашыл балырлар жана вирустар кирет.Бактерия менен кок жашыл балырларда ядро жок.Ошондуктан,аларга чейинкилер-прокариоттор деп аталат.Алардын хромосомалары цитоплазмадан ядро чел кабыгы менен болунбостон цитоплазмада эркин жайгашкан.Мындай клеткалар амитоз жолу менен гана болунот.

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4