Сүт бездер
Сүт бездер (лат. glandula mammaria) - өткөөлдөрү бар экзокриндик бездерге кирет. Сүт эмүүчүлөрдүн ургаачысында өөрчүгөн, лактация, учурунда сүт бөлүп чыгарат. С. б. түтүктөрү майда жана чоң көп үлүштүү альвеолярлык бездер. Чыгаруучу түтүктөр биригип үрп аркылуу сыртка чыгат. Көпчүлүк сүт эмүүчүлөрдүн С. б. жуптуу орган. Эң эле жөнөкөй түзүлүштө - клоакалдуу сүт эмүүчүлөрдө кездешет, аларда үрптөрү болбойт, ошондуктан чыгаруучу түтүкчөлөрдүн ооздору курсак жагында бездүү жерлеринде чыгат. Баштыкчандардын С. б-нин үрптөрү баштыкчасынын ичинде ачылат. Кит сымалдардын үрптөрү чаткаягында өзгөчө териден турган чөнтөкчөдө жайгашкан. Андагы күчтүү булчуңдардын жыйылышынын натыйжасында сүт сууга катуу зиркиреп куюлат.
Колдонулган адабияттар
- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч