Улуттук тил

Улуттук тил – тарыхый-социалдык категория катары белгилүү бир улуттагы калктын өзара карым-катыш, байланыш, пикир алышуусун тейлеген тил.

Ал, негизинен, эки формада жашайт: оозеки жана жазуу формасында. Улуттук тил улут калыптанганда кошо жаралат, ошол эле учурда Улуттук тил улуттун калыптанышы үчүн өбөлгө жана шарт катары да кызмат өтөйт, бир жагынан, ал эми экинчи жагынан, ошол процесстин, б.а., улуттун калыптануу процессинин туундусу жана жыйынтыгы да болуп саналат. Анткени бир жагынан, улут жаралышы үчүн улуттук тили болуш керек, экинчи жагынан, улуттун жаралышы менен кошо Улуттук тил жаралат. Бул эки категория – бири-бирисиз жашабаган, эки жактуу карым-катышта турган категориялардан.

Улуттук тил өзүнүн функционалдык жана ички структуралык мүмкүнчүлүгү боюнча жалпы элдик тилдин кийинки өнүгүшү катары аныкталышы шарт. Анткени кандай гана Улуттук тил болбосун анын жаралышы үчүн маңыз-мааниси ар дайым туруктуу болуп, бирок эволюциялык мүнөздө өнүгүп-өзгөрүп келген, маңыз-мааниси өркүндөөнүн натыйжасында жогорку деңгээлге жеткен, Улуттук тил болгонго чейин эле муун менен муунду байланыштырып, ошол тилде жаралган маданий-тарыхый дөөлөттөрдү, баалуулуктарды сактап келген жалпы элдик тил жашайт. Улуттук тил ошол жалпы элдик тилдин негизинде, анын базасында жаралат. Бул жалпы философиялык негизде өзгөрүлмөлүүлүк менен туруктуулуктун, жаңынын жаралуусу менен айрым -эскинин жоголуусунун, бирок мурункунун сакталуусу, улануусу сыяктуу категориялар аркылуу шартталган.

Улуттук тил түшүнүгү тилдин ички структурасына, маңыз-мазмунуна функциясына анча таасир деле этпеген, бирок тилдин жашоо, атоо формасын көрсөткөн түшүнүк. Тил ар кандай атоо, жашоо формасында колдонулушу мүмкүн. Маселен, уруу тили, элдик тил, адабий тил, улуттук тил дегенибизде, Улуттук тил термини тилдин сырткы гана формасын, анын жашоо, атоо гана формасын чагылдырып турат. Бул жерде, албетте, уруу тилине караганда элдик тилдин мүмкүнчүлүгү жогору, ага караганда адабий тилдин мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок тилдердин ички маңызы бири-биринен анча өзгөчөлөнбөйт.

Тилдин Улуттук тил формасынын жаралышы анын структуралык, семантикалык, функционалдык өнүгүшүнүн жогорку деңгээли катары аныкталат. Анткени Улуттук тил базасында Улуттук адабий тил жаралат. Улуттук тил сыяктуу эле улуттук адабий тил да өзгөчө, өзүнчө тил эмес, уруу тилинин, жалпы элдик тилдин нормалаштырылган, иштетилген, өркүндөтүлгөн, кодификацияланган гана жогорку формасы, сапаттык өнүгүүгө учурап, колдонулуу алкагы кеңип, стилдик жиктелүүсү артып, ийкемдүүлүктө колдонулган формасы.

Улуттук тил түшүнүгү тигил же бул улуттун баардык -тилдеринин концентрациясы. Ар бир Улуттук тил аймактык, этностук диалект түрүндөгү -тил, -жалпы элдик тил, -адабий тил деген түшүнүктөр туюнткан -тилдерди курамына камтыйт. Мунун далили Улуттук тилде жазылган кандай гана көркөм туундуларды албайлы анда говордук, диалектилик көрүнүштөрдөгү элементтер да, адабий тилдик нормага жатпаган элементтер да, кодификацияланбаган бирдиктер да учурай берет.

Кыргыз Улуттук тил кыргыз улуту жаралганда кошо жаралды, бирок кыргыз адабий тили оозеки формада да, жазуу формасында да андан алда канча мурда жаралган. Бул өңдүү карым-катыштарды изилдөө Улуттук тил проблемасынын так аныкталышына өбөлгө болоору шексиз.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б.ISBN 978-9967-464-70-4