Харьков облусу

Украинанын чыгышында облусу

Харьков облусу (укр. Харківська область) — Украинанын чыгышында облусу. Анын акимий борбору — Харьков шаары

Харьков облусу
Өлкө

Украина

Административдик борбор

Харьков

Расмий тили

украинче

Калкы

2 596 250[1]

Деңиз
денгээлинен бийиктиги
 • Бийик чекити



 236 м

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

UA-63

Телефон коду

+380 57

Интернет-домени

kharkov.ua; kh.ua

Расмий сайты

1932-ж. 27-февралында уюшулган[2].

Бул аймак Украинанын чыгышында жайгашкан. Украинанын Луганск, Донецк, Днепропетровск, Полтава, Сумы облустары жана Орусиянын Белгород облусу менен чектешет.

Калкы

2020-жылдын 1-январына карата облустун калкынын иш жүзүндөгү саны 2 658 461 адамды түзөт, анын ичинен шаар калкы – 2 158 121 адам же 81,2 %, айыл калкы – 500 340 адам же 18,8 %[3].

Аймакта калктын көп улуттуу курамы бар. Харьков облусунун калкынын басымдуу бөлүгүн (70,7%[4]) украиндер түзөт. Ошондой эле облуста орустар (25,6%), белорустар (0,5%), еврейлер (0,4%), армяндар (0,4%) жана башка улуттардын өкүлдөрү жашайт[5].

2001-жылдагы Бүткүл украиналык эл каттоого ылайык, Харьков облусунун тургундарынын көпчүлүгү (53,8%) украин тилин эне тили деп эсептешет, ал эми калктын 44,3% орус тилин эне тили деп аташкан.[6]

Административдик-аймактык түзүлүшү

Харьков
району
Богодухов
району
Изюм
району
Красноград
району
Купянск
району
Лозовая
району
Чугуев
району
Харьков облусунун райондору 2020-жылдын 17-июлунан тартып

Харьков облусунун административдик борбору — Харьков шаары.

Райондору

2020-жылдын 17-июлунда облустун жаңы 7 районго бөлүнүшү кабыл алынган[7][8]:

РайонуКалкы

(миң адам)

Аянты[9]

(км²)

Акимий борбору
1Богодухов району128,44 508,1Богодухов ш.
2Изюм району181,65 906,2Изюм ш.
3Красноград району108,94 335,2Красноград ш.
4Купянск району137,24 612,9Купянск ш.
5Лозовая району154,64 027,1Лозовая ш.
6Харьков району1 762,83 222,5Харьков ш.
7Чугуев району202,24 804,0Чугуев ш.

Райондор өз кезегинде шаардык, поселкалык жана айылдык бириккен аймактык жамааттарга бөлүнөт (укр. об'єднана територіальна громада).

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.