Хассий
Хассий (Hassium, Hs) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIIIB группа элементи; к. н. 108, ат. м. 265; туруктуу изотоптору жок; терс электрдүүлүгү аныкталган эмес. Химиялык касиети боюнча осьмий аналогу. ИЮПАП жана ИЮПАК пикири боюнча №108-элемент 1984-ж. Дармштадт (ФРГ) жана Дубна (СССР) окумуштуулар тарабынан бири бирине көз карандысыз, бир мезгилде алынган (Г.Мюнценберг жана анын кесиптештери, Ю.Ц.Оганесян жана анын кесиптештери). Х. өтө аз санда алынган. Эч жерде колдонулбайт. Химиялык бирикмелери белгисиз. №108-элемент аты Дармштадт оор иондорду изилдөө борборунун ийгиликтүү иштерин белгилөө максатында Германия областы – Хассиянын атына хассий деп коюлган.
Колдонулган адабияттар
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч