Чехтер
Чехтер (өздөрүн чеши дешет) - батыш славян эли, Чехиянын негизги калкы. Жалпы саны 12 млн (2010).
Чехтер Австрия, АКШ, Франция, Словакия, Хорватия жана Польшада жашашат. Чех тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - негизинен католиктер, азы протестанттар. Этностук негизин 6-кылымда Богемия, Моравия жана Силезия аймактарына келип отурукташкан славян уруулары тузгөн. 20-кылымдын ортосунда Чехтер бир нече этностук жана субэтностук топторго бөлүнгөн. Эркектери - көйнөк, тизеге чейин ыштан, желет, кафтан, аялдары узун көйнөк, бүйүрмөлүү юбка, башына чепец кийип, алжапкыч тагынышат. Салттуу тамак-ашы - ун, эт азыктары. Суусундуктары - пиво, кара кофе.
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч