11 Январь (Үчтүн айы)

11-январьГригорий жылсанагы боюнча 11-күнү, жылдын аягына чейин 354 (толук жылда 365) күн бар.


январь
ДшШшШрБшЖмИшЖк
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031    
2024-ж.

Майрамдар

Эл аралык

  • Эл аралык маанайдагы «Рахмат» майрамы.

Улуттук

Окуялар

Кыргызстанда

  • 1680 — Падышалык бийлик кыргыздарга каршы жортуул планын иштеп чыгып, Р. Старков менен И. Гречанин баштаган 1018 адамдык кол кыргыздарга каршы чапкын жасаш үчүн Томск шаарынан аттанышкан.
  • 1922 — РКП (б) саясий бюросу Түркстан компартиясына ортого алынган жерди ээлерине кайтарып берүү саясий жаңылыш экендигин эскерткен.
  • 1932Фрунзеде Басма Үйү ачылган.
  • 1957Кыргыз ССРи Ленин Ордени менен сыйланган.
  • 2010 — Мурдагы Коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылган.
  • 2013Ошто ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.
  • 2014 — Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болгон.

Дүйнөдө

  • 1693Этна жанар тоосунун атылып чыгышынан улам жер титирөө болуп, Түштүк Италия, Сицилия жана Мальта ири кыйроолорго учураган. 100 000ге жакын киши набыт болгон.
  • 1698Пётр I баштаган "Улуу элчилик" Лондон шаарына келген. Пётр I Гринвич обсерваториясы, Акча сарай, Оксфорд университети жана Англис королдук илимий коому менен таанышып чыккан.
  • 1701Орусия Византия жылнаамасынын ордуна Юлиан жылнаамасын колдонууга өткөн. Натыйжада 7208-жылдын 31-декабрынан кийин 1700-жылдын 1-январы келген.
  • 1787 — англиялык астроном Уильям Гершель Оберон жана Титания аталган Урандын эки спутнигин ачкан.
  • 1909 — Нью-Йоркто аялзатынын дүйнөдө эң биринчи автожарышы старт алган.
  • 1960СССРде учкучтарды даярдоо борбору ачылган.
  • 1962Перуда чоң жер көчкү жүрүп, ал 3 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен.
  • 1966Рио-де-Жанейро шаарында болгон көчкүдөн жана суу каптоодон 340тан ашуун киши көз жумган.
  • 2001Түштүк Африка Республикасындагы "Эллис Парк" стадионунда футболдук матч учурунда тыгын болуп, 43 киши көз жумган.

Төрөлгөндөр

Каза болгондор