1982

1982 (бир миң тогуз жүз сексен экинчи) жыл — толук эмес жыл, Григорий календары боюнча жума күндөн башталат. Бул биздин замандын 1982, 2-миңжылдыктын 982, XX кылымдын 82-жылы.

Жылдар
1978 · 1979 · 1980 · 1981 1982 1983 · 1984 · 1985 · 1986
Онжылдык
1960-чу · 1970-чу1980-чу1990-чу · 2000-чу
Кылымдар
XIX кылым — XX кылым — XXI кылым
2- миң жылдык
XVIII кылым — XIX кылым — XX кылым — XXI кылым — XXII кылым
1890-чу 1890 1891 1892 1893 1894 1895 1896 1897 1898 1899
1900-чу 1900 1901 1902 1903 1904 1905 1906 1907 1908 1909
1910-чу 1910 1911 1912 1913 1914 1915 1916 1917 1918 1919
1920-чу 1920 1921 1922 1923 1924 1925 1926 1927 1928 1929
1930-чу 1930 1931 1932 1933 1934 1935 1936 1937 1938 1939
1940-чу 1940 1941 1942 1943 1944 1945 1946 1947 1948 1949
1950-чу 1950 1951 1952 1953 1954 1955 1956 1957 1958 1959
1960-чу 1960 1961 1962 1963 1964 1965 1966 1967 1968 1969
1970-чу 1970 1971 1972 1973 1974 1975 1976 1977 1978 1979
1980-чу 1980 1981 1982 1983 1984 1985 1986 1987 1988 1989
1990-чу 1990 1991 1992 1993 1994 1995 1996 1997 1998 1999
2000-чу 2000 2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009
Хронологиялык жадыбал

Негизги окуялар

Январь

  • 8 январь  — Испания Гибралтардагы блокадасынан баш тартат (декабрда чек ара ачылат).
  • 8 январь  — AT&T өзүнүн 22 бөлүмүнөн баш тартат.
  • 11 январь  — Париж - Дакар раллисинде Марк Тэтчер жоголгон, британдык ага-министр Маргарет Тэтчердин уулу. 14 январда куткарылган.
  • 11 январь — 17 январь — АКШнын Батышында тарыхта болуп көрбөгөндөй суук болгон.
  • 13 январь  — Вашингтондо Air Florida компаниясына тиешелүү ичинде 78 киши бар № 90 рейси боюнча учкан учак авиакырсыкка учураган, учак Потомак дарыясына барып түшөт, ичиндеги бардык адамдар каза болушат. Ошол желе күнү вашингтон метросунда поезд рельстен чыгып кетип 3 адам көз жумган.
  • 17 январь  — АКШнын Түндүгүндө «Ызгардуу дем алыш».
  • 19 январь  — Польшада азык түлүккө болгон баанын өсүшү 1-февральдан баштап 200дөн 400 % чейин жеткен.
  • 21 январь  — Британдык тоо кен казуу Улуттук бирикмеси айлык акынын 9,3 %өсүшүнө макулдук берет.
  • 24 январь  — Египет президенти Хосни Мубарак СССРден өлкөнү индустриализациялоо боюнча жардам сурайт.
  • 26 январь  — Финляндиянын президенти болуп Мауно Койвисто шайланат.
  • 26 январь  — Согуштан кийинки аралыкта Улуу Британияда жумушсуздук 129918 адамдан 3070621 чейин өскөн.
  • 27 январь  — Ирландиянын ага-министри Гаррет Фитцджеральд 1981-82-жылдардагы бюджеттин тартыштыгынан жумуштан кетүү арызын жазат.
  • 29 январь  — АКШнын Өкмөтү Польшанын карызын жабууга макулдук берет.
  • 31 январь  — Израиль Синай жарым аралына ынтымакка чакыруу күчтөрүнүн киришине макулдук берет.
  • 31 январь  — Польша. Гданьскта болгон азык түлүктүн бааларынын көтөрүлүшүнөн болгон ызы чууда, Өкмөт коменданттык саат киргизет.

Февраль

  • 1 февраль — Сенегал жана Гамбиянын ортосунда эркин конфедерациясы күчүнө кирет.
  • 2 февраль — Хамедеги бычактоолор башталат, Сирия.
  • 3 февраль — Сирии президенти Хафез Асад аскер күчтөрүн Харран шаарынан мусулмандардан бошотууга жумшайт.
  • 5 февраль — 6000 жүргүнчүнү таштаган, жана 270 млн доллары карызы бар лондон Laker Airways авиакомпаниясы жокко чыгарылат.
  • 9 февраль — Европа экономикалык коому жана АКШ Мадридде Түндүк-Батыш сүйлөшүүлөрүн, Польша аскер көзөмөлүн алып салганга чейин токтотулган.
  • 15 февраль — Ньюфаундлендин жээгинде катуу шамаалдан Ocean Ranger нефт тушуучу платформасы чөгүп кеткен , 84 жумушчу көз жумган.
  • 17 февраль — Зимбабвенин Өкмөтүнөн Джошуа Нкомо чыгарылган.
  • 18 февраль — Ирландиядагы жалпы парламент шайлоосунан Фианна Файл партиясы жеңип чыгышат.
  • 19 февраль — Испании, 1981-жылы кармалышкан, мамлекеттик төңкөрүш жасаганга даярданып жатышкан деген айып менен 32 офицердин соту болот (3-июнь ар бирине 30 жылдан берилет).
  • 24 февраль — Уганданын эркиндикке чакырган Кыймылы өлкөнүн борбор шаары Кампалга чабуул жасашат.
  • 24 февраля — ТАРда Андрес Треурних башында турган Улуттук партиянын 22 өкүлү ага-министр П. В. Ботенге ишеним көрсөтпөйбүз деп чыгышкан.
  • 25 февраля — Адам укуктары боюнча Европалык сот ата-энелеринин уруксаты жок мугалимдер окуучуларга кол көтөрүүгө тыюу салынат деген мыйзам чыгарышкан.

Март

  • 1 март — СССР «Венера-13» аппаратын космоско учурат, аппарат Венерага барып конот.
  • 3 март — Лондондо англиялык ханайым Barbican маданий борборун ачат.
  • 9 март — Ирландиянын ага-министри болуп Чарльз Хоги дайындалат.
  • 10 март — АКШ ливия нефтисинин импорттолушуна эмбарго киргизет жана аларды терроризмге өнөктөш деп, Ливияга жогорку технологиялык каражаттардын кирбегенин көзөмөлдөйт.
  • 10 март — Сизигия: Күн системысындагы баардык 9 планета Күн менен бир катарга тизилишкен.
  • 11 март — Британдык өкмөт суу астында сүзүүчү кеменин "Поларис" ракетасын алмаштыруу үчүн америкалык «Трайдент II» ракетасын сатып ала турган ниети бар экендигин билдирет.
  • 15 март — Никарагуа президенти Даниэль Ортега конституциянын ишин токтотуп өлкөгө аскердик абал киргизет.
  • 16 март — Ньюпортте, Род-Айленд Клаус фон Бюлов өзүнүн жубайын өлтүрүүгө үмүттөнгөн деген айып менен айыпталган.
  • 16 март — Фолкленд согушу: аргентиналык темир алуучу Түндүк Георгия аралына биринчилерден болуп аргентина желегин жерге саят.
  • 23 март — Гватемалада аскердик төңкөрүш.
  • 24 март — Бангладеште аскердик төңкөрүш.
  • 29 март — англиялык ханайым канада конституциясынын биринчи баскычы болгон Канада тууралуу актка кол койгон.

Апрель

ZX Spectrum компьютери
  • 2 апрель — Фолкленд согушу: аргентиналык аскерлер Фолкленд аралдарын басып алышат. Улуу Британия Аргентина менен дипломатиялык кызматташтыкты токтотот.
  • 2 апрель — Фолкленд согушу: Фолкленд аралдары толугу менен аргентинанын кол алдына өтөт, аралдардагы британ өкмөтү баш ийишет.
  • 2 апрель — СССРде «Известия» гезити А. С. Монин жана Г. И. Баренблатт советтик окумуштуулар белгисиз учуучу объектилердин жандырмагын табышты деген макала чыгарат.
  • 3 апрель — БУУнун Коопсуздук Кеңеши 502 резолюцияны кабыл алышат, анда Аргентинанын Фолкленд аралдарынан аскерлерин чыгаруу талаптары жазылган.
  • 4 апрель — Фолкленд согушу: британдын ВМС оперативдүү кемелер отряды Фолкленд аралдарына биринчилерден болуп барышат.
  • 6 апрель — АКШда апрель суугу түндүк-батышты толугу менен бекитип салган.
  • 7 апрель — АКШнын мамлекеттик катчысы Александр Хейг Фолкленд аралдары боюнча болуп жаткан ызы чууга ортомчу болууга макулдугун билдирет.
  • 7 апрель — СССР АКШнын Лаосто, Кампучиде жана Афганистанда химиялык курал колдонду деген дооматтарына нота жиберет.
  • 12 апрель — Фолкленд согушу: Европа экономикалык уюму Аргентинага каршы экономикалык чараларды колдонот.
  • 12 апрель — Фолкленд согушу: Фолкленд аралдарынын айланасында 200 метрдик толук изоляция зонасы планы Улуу Британия тарабынан киргизилет.
  • 15 апрель — Каирде, Египет, президент Анвар Садаттын өлүмүнө тийешеси бар делген беш ислам фундаменталистери өлтүрүлгөн.
  • 17 апрель — Улуу Британия ханайымы Елизавета II Улуу Британиядан толугу менен саясий көз карансыз кылган Канаданын жаңы конституциясын жана акча бирдигин жарыялайт.
  • 19 апрель — Британ өкмөтү Хейгом тарабынан сунушталган Фолкленд аралдарындагы кризисти жөнгө салуу боюнча планын колдобойт.
  • 23 апрель — Sinclair Research Ltd англиялык компаниясы 8 чыңалуудагы ZX Spectrum үй компьютерин сунуштайт.
  • 23 апрель — Ки-Уэстанын мэри, Флорида Дэннис Уардлоу бир күнгө Конк Республикасынын көз канасыздыгын жарыялаган.
  • 24 апрель — Евровидение таймашын 1982-жылы Ein Bisschen Frieden ыры менен немец аткаруучусу Nicole жеңип алган.
  • 25 апрель — Фолкленд согушу: Британ аскерлери Түндүк Георгия аралдарын бошотушат.
  • 25 апрель — Израиль-египет тынчтык келишими боюнча Израиль Синай жарым аралынан аскерлерин чыгарган.
  • 29 апрель — Кытайдын калкынын саны 1 миллиард адамдан ашкан.
  • 30 апрель — Фолкленд согушу: АКШда Рейган президентинин администрациясы Аргентинага каршы экономикалык чара көрөт.

Май

  • 1 май — Польшада 50 миң «Солидарность» профуюмунун мүчөлөрү аскердик абалды алып салууга каршы көтөрүлүшкөн.
  • 2 май — Фолкленд согушу: англиялык «Конкерор» атомдук суу астында сүзүүчү кемеси «Генерал Бельграно» аргентина крейсерин чөктүргөн, 323 деңизчи көз жумган.
  • 2 май — Аба ырайы каналы (АКШ) биринчи жолу кабелдик телекөрсөтүү аркылуу бериле баштаган.
  • 4 май — Фолкленд согушу: аргентиналык Exocet ракетасы англиялык Sheffield кемесине келип түшкөндө башталган өрттөн 20 деңизчи көз жумган. Кеме 10-майда чөгүп кеткен.
  • 4-майдандан 10 майга чейин — Советтик экспедициясынын 11 катышуучусу Эверестин чокусуна чыгышкан.
  • 5 май — Унабомбер ВандербильдУниверситети компьютердик илимдер департаментинде бомба жарган, департаменттин катчысы Джанет Смит жарадар болгон.
  • 12 май — Испаниялык чиркөөчү Хуан Эрнандес рим папасы Иоанн Павел IIни Фатимага (Португалия) болгон сапарында бычак менен саюууга аракет кылган.
  • 12 май — Braniff International Airways авиакомпаниясы банкрот болгонун жарыялап, учуулардын баарын токтотушкан.
  • 13 май — Байконур космодромунан Союз Т-5 космостук кемеси учурулган.
  • 21 май — Фолкленд согушу: англиялык деңизчилери жана десанттары Фолкленд аралдарынын Сан-Карлос жээгине түшүшүп британ желегин жээкке сайышкан.
  • 22 май — Фолкленд согушу: Ardent англиялык кемеси аргентина учкучтары тарабынан чөктүрүлгөн, 22 деңизчи көз жумган.
  • 23 май — Фолкленд согушу: Antelope англиялык кемеси аргентина тарабынан жасалган авиабомбанын эсебинен чөккөн.
  • 24 май — Иран-ирак согушу: иран аскерлери Хорремшехр шаарын басып алышат.
  • 24 май — СССР КГБ башчысы Ю. В. Андропов КПСС БК Катчы болуп шайланган .
  • 24 май — СССРде Азык түлүк программасы кабыл алынат.
  • 25 май — Фолкленд согушу: Atlantic Conveyorанглия кемеси Exocet аргентина ракетасынан чөгөт, 12 адам көз жумган, ошондой эле конфликт болгон жерге аскерлерди ташуучу айланмаучактар да жарылган.
  • 28 май — Тарыхта биринчи жолу рим папасы Улуу Британияда болот (2-июньга чейин).
  • 29 май — Фолкленд согушу: Гуз-Гриндеги салгылашуу. Британ парашютистери кургак аймакта болгон татаал салгылашууда жеңишке жетишишет.
  • 30 май — Испания НАТОнун 16- мүчөсү болуп кошулат.

Июнь

Ливан согушу. Израиль чабуулунан кийинки Бейруттагы ураган стадион
  • 3 июнь — Лондон көчөрөрүнүн биринде Улуу Британиядагы израил элчиси Шломо Аргов жарадар болот.
  • 4 июнь
    • Арговдун жарадар болушуна жооп катары Израил авиациясы Ливандагы палестин партизандары чогулган жайларга бомба ташташат.
    • СССР «Космос—1374» деп аталган, жердин жасалма спутниги учурулат.
  • 6 июнь 
    • Будапеште кубик Рубикти чогулткандардын биринчи дүйнөлүк Кубогу өтөт.
    • Ливия согушу башталат: израил аскерлери Ариэля Шаронакоргоо министринин кол астында «Мир Галилее» операциясынын негизинде Түндүк Ливанга кол салышып Бейрутка жакындашат.
    • Ливан согушу: БУУнун Коорсуздук Кеңеши Израилди Ливандан аскерлерин чыгарууга үндөйт.

Июль

Август

Сентябрь

Октябрь

Ноябрь

Декабрь

Илим

Ошондой эле караңыз: 1982-жыл илимде

Спорт

Ошондой эле караңыз: 1982-жыл спортто

Жыл адамы

Төрөлгөндөр

Январь

Февраль

Март

Апрель

Май

Июнь

Июль

Август

Сентябрь

Октябрь

Ноябрь

Декабрь

Каза болгондор

Нобель сыйлыгы

Эскертүүлөр

Дагы караңыз

Шилтемелер