2018 кышкы Олимпиада оюндары

2018 кышкы Олимпиада оюндары (англ. 2018 Winter Olympics, фр. Jeux Olympiques d’hiver de 2018, кор. 제23회 동계 올림픽) — 2018-жылы 9-фералдан - 25-февралга чейин, Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтөт.

XXIII кышкы Олимпиада оюндары
2018 кышкы Олимпиада оюндары
Жалпы маалыматтар
Өткөрүү жайы Корея Республикасы
  Уюштуруучу шаарыПйоңчаң, Түштүк Корея
     СтадионуОлимпиадалык стадион
Катышуучу өлкөлөр92
Спортчулардын саны2,952
Ойнотулуучу медалдар102 медаль (спорттун 7 түрү боюнча)
Ачылыш аземи9-февраль
Жабылыш аземи25-февраль
Олимпиаданын отуКим Ён А
Олимпиаданын антыМо Тхэ Бом
Хронологиясы
 2012 Сочи

Кышкы Олимпиада оюндары өтө турган Пйоңчаң шаары Канвондо провинциясында жайгашкан. Ал Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан. Пйоңчаңдын калкы 44 миң гана адамды түзгөнү менен, бул шаарда 35 миң адам бата турган олимпиадалык стадион курулган.

Климаты

Пйоңчаңдын климаты континенталдык. Кыш мезгилинде абанын орточо температурасы -6 градусту түзсө, жайында абанын температурасы 24 градустун тегерегинде ысык болот. Мындай көрсөткүчтөргө карабай, Пйоңчаң шаары Түштүк Кореядагы эң суук аймак болуп эсептелет.

Шаарды тандоо

Добуш берүүнүн жыйынтыгы
ТалапкерӨлкө1-чи раунд
Пйоңчаң Корея Республикасы63
Мюнхен Германия25
Анси Франция7

Пйоңчаң буга чейин Кышкы Олимпиаданы өткөрүүгө 2 жолу талапкер болгон. 2010-жылы Кышкы Олимпиаданы өткөрүүгө аттанган Пйоңчаң Канаданын Ванкувер шаарына 3 добуш айырмачылык менен жеңилип калган. Ал эми 2014-жылы өткөрүүгө аракет жасап, Орусиянын Сочи шаарына 4 добуш айырмачылык менен жеңилген. 2011-жылы эл аралык олимпиадалык комитети 123-жыйынында Пйоңчаң шаарын Кышкы XXIII Олимпиада оюндарынын борбору болот деп шайлаган[1]. Мында Пйоңчаң Олимпиаданы өткөрүүгө аттанган Германияны 38 добуш айырмачылык менен жеңип алган. Түштүк Корея Азия аймагында Кышкы Олимпиаданы өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алган экинчи өлкө болуп саналат[2]. Буга чейин Азия аймагында Кышкы Олимпиада оюндары 2 гана жолу өткөрүлгөн. Мындай мүмкүнчүлүктү Жапония колдонгон, ал Кышкы Олимпиаданы 1972-жылы Саппоро шаарында өткөрсө, 1998-жылы Нагано шаарында өткөргөн.

Олимпиада оту

Олимпиада отунун эстафетасы салттуу түрдө Грецияда 2017-жылдын 24-октябрында старт алды[3]. Олимпиадалык отту алгач грециялык лыжачы Апостолос Ангелис кармаган. Андан кийин эстафетаны "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун жана Түштүк Корея курама командасынын мурунку футболчусу Пак Жи Сун кабыл алды[4]. 2017-жылдын 1-ноябрында Олимпиада оту Түштүк Кореяга жеткирилген[5]. Бул өлкөдө эми Олимпиада оту 2018 чакырым жолду басып өтүп, Кореянын 17 шаарын жана бир катар провинцияларын кыдырат. Олимпиада отунун эстафетасы 9-февралда Олимпиаданын ачылышында аяктайт[6].

Өткөрүүчү жайлар

Мелдештин ачылыш жана жабылыш аземи 35 миң көрүүчүгө ылайыкташкан Пйоңчаң олимпиадалык стадионунда орун алат. Бул стадион беш бурчтук түрүндө салынып, Альпенсия тоо-лыжа курортунан 2 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кореянын өкмөтү чыгымды азайтуу максатында стадиондорду убактылуу кылып салышкан. Олимпиада бүткөн соң стадиондун бир бурчу соода борборуна айланат.

Мелдеш өтө турган спорттук объектилер:

  • "Каннын" кёрлинг борбору;
  • "Каннын" хоккей борбору;
  • "Каннын" муз аренасы;
  • "Альпенсия" трамплинден секирүү комплекси;
  • "Альпенсия" чана жана бобслей борбору;
  • "Альпенсия" биатлон борбору;
  • "Альпенсия" лыжа борбору.

Квандон университетинин спорттук аренасы:

  • "Чонсон" тоо-лыжа борбору;
  • "Ёнпхён" тоо-лыжа борбору;

Оюндардын ырааттамасы

 АААчылыш аземи ●  Квалификациялар №  Мелдештердин финалы К Көргөзмөлөрү ЖА Жабылыш аземи
Февраль08
БШ
09
Жм
10
Иш
11
Жш
12
Дш
13
Шш
14
Шр
15
Бш
16
Жм
17
Иш
18
Жш
19
Дш
20
Шш
21
Шр
22
Бш
23
Жм
24
Иш
25
Жш
Медалдар
Аземдер ААЖА
Биатлон112111111111
Бобслей1113
Тоо лыжа спорту1111111111111
Кёрлинг1113
Коньки менен чуркоо спорту11111111121214
Лыжа экөө1113
Лыжа жарышы112111121112
Трамплинадан секирүү11114
Саннка спорту11114
Скелетон112
Сноуборд1111111310
Фигуралык тебүү11111К5
Фристайл11112111110
Хоккей112
Шорт-трек112138
Медалдык күн5788675963578684102
Баардык медалдар51220283441465561646976849098102
Февраль08 Бш09 Жм10 Иш11 Жш12 Дш13 Шш14 Шр15 Бш16 Жм17 Иш18 Жш19 Дш20 Шш21 Шр22 Бш23 Жм24 Иш25 ЖшМедалдар

Медалдар жыйынтыгы

Негизги макала: 2018 кышкы Олимпиада оюндарынын медалдар жыйынтыгы

Сыя түстөгү, олимпиаданы өткөргөн өлкө (үй ээси)

Жалпы медалдардын саны

Баардыгы
ОрунуӨлкөлөр (УОК)Алтын Күмүш Коло
1  Норвегия (NOR)14141139
2  Германия (GER)1410731
3  Канада (CAN)1181029
4  АКШ (USA)98623
5  Нидерланддар (NED)86620
6  Швеция (SWE)76114
7  Корея Республикасы (KOR)58417
8  Швейцария (SUI)56415
9  Франция (FRA)54615
10  Австрия (AUT)53614
11  Жапония (JPN)45413
12  Италия (ITA)32510
13 ООС26917
14  Чехия (CZE)2237
15  Беларусь (BLR)2103
16  Кытай (CHN)1629
17  Словакия (SVK)1203
18  Финляндия (FIN)1146
19  Улуу Британия (GBR)1045
20  Польша (POL)1012
21  Венгрия (HUN)1001
21  Украина (UKR)1001
23  Австралия (AUS)0213
24  Словения (SLO)0112
25  Бельгия (BEL)0101
26  Испания (ESP)0022
26  Жаңы Зеландия (NZL)0022
28  Казакстан (KAZ)0011
28  Латвия (LAT)0011
28  Лихтенштейн (LIE)0011
Баардыгы103102102307

Берүүлөр

Жалпы каражаты

Түштүк Корея Кышкы XXIII Олимпиада оюндарын өткөрүүгө 9 миллиард доллар жумшаган. Анын ичине жаңы спорттук 6 майданды куруу жана дагы 6 спорттук майданды жаңылоо, ошондой эле аймактын инфраструктурасын жогорулатуу кирген. Эң көп каражат чапчыган чыгым - бул жаңы ылдамдыкта жүргөн темир жолун салуу болуп саналат. Ага Кореянын өкмөтү 4 миллиард доллар сарптаган. Спорттук иш-чаралар өтүүчү аймактар Пйоңчаңдагы Олимпиада эки кластерде өтөт. Алар тоолуу кластер - Пйоңчаңда жана суу жээгиндеги кластер Каннын шаарында өтөт. Тоолуу кластерде лыжа, биатлон, бобслей, чана спорту жана скелетон боюнча мелдештер өтөт. Суу жээгиндеги кластерде хоккей, коньки менен чуркоо, шорт-трек жана кёрлинг боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Эскертмелер

Шилтемелер