Аватар (тасма 2009)
«Аватар» (англ. Avatar, ЭФА: [ˈæv.ə.tɑɹ]) — 2009-жылы тартылган американын илимий фаниастикалык тасмасы.Сценарийи жана режиссёру Жеймс Кэмерон.
Аватар | |
Avatar | |
Аватар (англ. Avatar) тасмасынын постери | |
Жанры | илимий фантастика |
---|---|
Режиссёру | |
Продюсери | Жеймс Кэмерон |
Сценарийдин автору | |
Башкы ролдордо | Сэм Уортиңтон |
Оператору | Мауро Фиоре |
Композитору | Анжело Бадаламенти |
Кинокомпания | Lightstorm Entertainment |
Узактыгы | театрдык нускасы: |
Бюджети | |
Кирешеси | 2 787 965 087 доллар |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
Кийинки тасма | |
IMDb |
Мазмуну
2154-жыл. Мурунку моряк Жейк Салли кырсыкка кабылып, баса албаган майыпка айланат. Ал эми анын эгизи илим менен алек болуп, өзгөчө минералды табуу үчүн Пандора планетасына сапарга чыгуу алдында турган. Бирок сапарга чыгардын алдында капысынан каза болуп калып, окумуштуу бир тууганынын ордуна Жейкти учуруу зарылдыгы келип чыгат. Анткени аватар программасын генетикалык жактан жакын адамы гана башкара алмак. Жаңы аватарды түзгөнгө акча да, убакыт да жок болот. Ошентип, илимден эч кандай түшүнүгү жок майып экенине карабай, бөтөн планетага Жейкти жөнөтүшөт. Жейк болсо бутуна операция жасатып, кайра басууга акча табуу максатында макулдугун берет. Ошентип, Жейк Пандорада жашап, ал жактагы сырдуу жашоону өздөштүрө баштайт. Күндөрдүн биринде кезектеги изилдөө учурунда изилдөөчүлөргө жырткыч жаныбарлар кол салып, аскерлер Жейкти жалгыз таштап кетүүгө мажбур болушат. Жейктин жапайы токойдо аман калуу мүмкүнчүлүгү миллиондон бирөө болсо да, ал жалгыз мүмкүнчүлүгүн пайдалана алат. Тактап айтканда, аны нави уруусунун башчысынын кызы Нейтири куткарып калат. Экөөнүн жолугушуусу аягында сүйүү менен аяктайт. Ал эми Жерден келген экспедиция Пандоранын жашоочуларын жашаган жеринен күч менен кууп чыккылары келет. Анткени алар мекендеген жерде баалуу минералдар бар болот. Өзүн навилердин бири катары сезген Жейк кийин Пандора планетасынын коргоочусуна айланат. Натыйжада согуш чыгып, аягында, албетте, адилеттүүлүк келип чыгат. Жерден издеген бактысын Пандорадан тапкан Жейк түбөлүккө жердеги жашоосу менен коштошот.
Каармандарда
Адамдар
Актёр | Роль |
---|---|
Сэм Уортингтон | Жейк Салли |
Сигурни Уивер | доктор Грэйс Огустин «Аватар» программасынын башчысы |
Стивен Лэнг | полковник Майлз Куоритч |
Мишел Родригес | учкуч Труди Чакон |
Жованни Рибизи | администратор Паркер Селфриж |
Жоэл Мур | илимпоз Норм Спеллман |
Дилип Рао | доктор Макс Пател |
На’ви
Актёр | Роль |
---|---|
Зои Салдана | Нейтири |
Си Си Эйч Паундер | Оматикай тең лидери жана Нейтиринин апасы | Мо’ат
Лаз Алонсо | Оматикай согушкери | Тсу’тей
Уэс Стюди | Оматикай башчысы жана Нейтиринин атасы | Эйтукан
Питер Менса | Аквей |
«Аватардын» актёрдук курамы солдон оңго: Сэм Уортингтон, Зои Салдана, Сигурни Уивер, Стивен Лэнг |
«Аватардын» актёрдук курамы солдон оңго: Мишел Родригес, Жованни Рибизи, Жоэл Мур, Си Си Эйч Паундер жана Лаз Алонсо |
Тасманын тартылышы
«Аватар» тасмасы жогорку компьютердик технология менен мыкты актёрлук, режиссёрлук эмгек жуурулушкан бирден бир тасма. «Жаңы компьютердик дүйнөнү ачканы үчүн бул тасма кинематографияда революция жасады десек болот» дешет киносынчылар. Кэмерон буга чейин компьютердик технологияны «Терминатор-2де» жана «Титаник» тасмасында ийгиликтүү пайдаланса, «Аватар» тасмасында бул ыкманы укмуштай профессионалдуулук менен колдонгон. Тасманын 40 пайызын кадимки кино тарткандай тартышса, 60 пайызына компьютердик графиканын жардамын колдонушкан. Тасмада ар бир эпизодду туш тарабынан 197 камера тарткан.
Бала чагынан Пол Андерсендин фантастикалык чыгармаларын сүйүп окуган Кэмерон башка планетадагы жашоону тартууну кыялданып келген. Тасманын алгачкы сценарийи 1994-жылы жазылган. Бирок ошондо 144 беттен турган бул сценарийди тартып баштоо убагы келе элек болгон. Анткени ал кездеги компьютердик технология өнүгө элек мезгине дал келет. Ошентип, тасма тартууну 2006-жылы баштап, тасманы «Долбоор-880» деп атайт. Арадан 3 жыл өткөндөн кийин Кэмерондун кыялы ишке ашып, бүт өмүргө барабар болгон «Аватар» тасмасы 2009-жылы жарык көргөн.
Тасманын философиясы
Ар бир тасмадай эле «Аватардын» да философиясы бар. Жердеги жашоодон эч нерсе таппай кеткен Жейк өзүнүн жашоодогу максатын, сүйүүсүн Пандорадан табат. Режиссёр Жеймс Кэмерон: «Пандорадагы жашоону ушунчалык сыйкырдуу кылып тартууну максат кылдым. Анткени кинону көргөн соң адамдар «биз өзүбүз жашаган дүйнөбүздү эмне кылып алдык?» деген суроону өздөрүнө берсе деп максат кылгам. Анткени башаламандык ээлеген биздин чөйрөбүздөн адамдар өзүн-өзү таба албай келет»,- деп айткан. Ошондой эле тасмада акырындык менен адамзат өзү жасаган дүйнөнү өзү жок кылып коёру кыйыр эскертилген.
Эскертмелер
Шилтемелер
- Расмий сайты (англисче)
- «Аватар» (англисче) Internet Movie Database сайтында
- «Аватар».Box Office Mojo (англисче) сайтында
- Калып:Rotten-tomatoes
- Калып:Metacritic film
- Pandorapedia (англисче) — «Аватара» энциклопедиясы
Калып:Жеймс Кэмерондун тасмалары