Вальядолид
Вальядолид - Испаниянын Түштүк бөлүгүндөгү шаар. Эски Кастилия тарыхый аймагынын негизги шаары жана Вальядолид провинциясынын административдик борбору. Калкы 332,9 миң (2006). 1074-жылдан эскерилет. Машина куруу жана трактор кураштыруу, металлургия (болот, алюминий эритилет), тамак-аш (негизинен ун), химиялык (азот жерсемирткичи), жүн, булгаары өнөр жайы, Университет, король сүрөт академиясы, калк китепканасы, музейлер бар; темир жол жабдуулары чыгарылатынча Зергерчилик өнүккөн. Санта-Мария ла Антигуа (11-14-кылым), Сан-Пабло (15-кылым; платереско стилинде), Сантьяго жана башка чиркөөлөр, галерея менен тегерете курчалган Пласа Майор аянты (16-кылым) жана башка сакталган. X. Колумбга эстелик тургузулган (ал ушул шаарда каза болгон).
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч