Гиза
Гиза – Мисирдеги шаар. Нил дарыясынын жээгинде, Каирге жакын жайгашкан. Гиза мухафазасынын администрациялык борбору. Калкы 2,1 млн (1992). Жолдор тоому жана ири соода борбору. Тамеки, машина куруу (анын ичинде радиотехникалык) өнөр жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн. Гизанын түштүк-батышында, Ливия чөлүндө пирамидалар комплекси (фараондор Хеопс, Хефрен, Микериндин жана Чоң сфинкс) сакталган. Пирамидалар жайгашкан аймак Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Байланыштуу макалалар
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч