Гомосексуалдуулук


Гомосексуалдуулук (грек. ὁμός — ошондой эле, окшош жана лат. sexusжыныс) — адамдын өзү менен бир жыныстагы (же гендердеги) адамдарга эмоционалдык, сүйүү, романтикалык, эротикалык жана сексуалдык жактан умтулуусу. Гомосексуалдуулук, гетеросексуалдуулук жана бисексуалдуулук менен катар, үч негизги жыныстык ориентациялардын бири болуп саналат.

Себептери

Адамдын жыныстык ориентациясынын так себеби азырынча окумуштуулар тарабынан толук аныктала элек. Жыныстык ориентациянын себеби боюнча бир дагы теория кеңири колдоого ээ болбосо дагы, биологиялык теориялар адистер тарабынан кеңири кабыл алынган. Жалпысынан окумуштуулар жыныстык ориентация генетикалык жана айлана-чөйрө факторлорунун татаал өз ара аракетинен келип чыгат жана ал адамдын тандоосу болушу мүмкүн эмес деп эсептешет.[1] Үй-бүлөлүк тарбия адамдын жыныстык ориентациясына таасирин тийгизе тургандыгы жөнүндө эч кандай далил жок. Кээ бир адамдар гомосексуалдуулук табигый эмес жана психикалык илдет деп эсептешет. Бирок, изилдөөлөр көрсөткөндөй, гомосексуалдуулук, приматтардан баштап, ичеги курттарына чейинки 500дөн ашык айбанаттарда катталган.

Гомосексуалдуулук 1990-жылы 17-майда, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму тарабынан ЭОК-10 психикалык илдеттер топтомунан чыгарылган.

Конверсиялык терапия - адамдын гомосексуалдык же бисексуалдык ориентациясын гетеросексуалдык ориентацияга өзгөртүүгө аракет кылган жалган илим. Адамдын жыныстык ориентациясын өзгөртүү мүмкүн экендигине ишенимдүү далилдер жок. Медициналык жана психиатриялык уюмдардын көпчүлүгү конверсиялык терапиянын натыйжасыз жана адамдын психикасына коркунуч келтирээрин эскертишет.

2021-жылдын 7-декабрында Канаданын парламенти конверсиялык терапияны колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Мыйзамдга ылайык, адамды конверсиялык терапиядан өтүүгө мажбурлоо беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат, жана эгер кимдир бирөө бул практиканы жарнамалоо менен алектенип жатканы аныкталса, алар эки жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.[2]

Конверсиялык терапияны колдонуу жана жарнамалоого тыюу салган мыйзамдар Германия, Франция, Мальта, Жаңы Зеландия жана башка бир топ өлкөлөрдө кабыл алынган.

Гомосексуалдуулук жана коом

Коомдо гомосексуалдуулукту кабыл алуу боюнча пикир өлкө, регион жана экономикалык өнүгүү боюнча кескин айырмаланат.

Бул маселе боюнча сурамжылоо биринчи жолу "Pew Research Center" изилдөө борбору тарабынан 2002-жылы башталган. 2019-жылы, сурамжылоого катышкан көптөгөн өлкөлөрдө, коомдо гомосексуалдуулукту кабыл алуунун өсүшү байкалган.

Pew Global Attitudes Project 2019: Гомосексуалдуулук коом тарабынан кабыл алыныш керекби? #1 – ооба #2 – жок [1]
Өлкө#1#2
Түндүк Америка
 Канада85%10%
 АКШ72%21%
Европа
 Швеция94%5%
 Нидерланддар92%8%
 Испания89%10%
 Германия86%11%
 Франция86%11%
 Улуу Британия86%11%
 Италия75%20%
 Чехия59%26%
 Грекия53%40%
 Венгрия49%39%
 Польша47%42%
 Словакия44%46%
 Болгария32%48%
 Литва28%45%
 Украина14%69%
 Орусия14%74%
Жакынкы Чыгыш
 Израиль47%45%
 Түркия25%57%
 Ливан13%85%
 Тунис9%72%
Азия/Тынч океан
 Австралия81%18%
 Филиппиндер73%24%
 Жапония68%22%
 Корея Республикасы44%53%
 Индия37%37%
 Индонезия9%80%
Латын Америка
 Аргентина76%19%
 Мексика69%24%
 Бразилия67%23%
Африка
 ТАР54%38%
 Кения14%83%
 Нигерия7%91%

Сурамжылоого катышкан көптөгөн өлкөлөрдө адамдардын жаш курагы жана билим денгээли боюнча гомосексуалдуулукту кабыл алууда айырмачылыктар бар. Мындан тышкары, дин жана анын адамдардын жашоосундагы мааниси, көптөгөн өлкөлөрдө пикирлерди калыптандырат. Мисалы, кээ бир өлкөлөрдө, эч бир диний топко кирбеген адамдар, диний топ менен байланышы бар адамдарга караганда, гомосексуалдуулукту көбүрөөк жакшы кабыл алышат.

Гомосексуалдуулукту кабыл алууда саясий идеология дагы маанилүү роль ойнойт. Көптөгөн өлкөлөрдө, саясий солчулдар, саясий оңчулдарга караганда гомосексуалдардын укуктарын көбүрөөк колдошот.

Бул маселеге болгон мамиле, өлкөнүн өнүгүүсү менен да тыгыз байланышта. Мисалы, киши башына ички дүң өнүмү 50 000 доллардан ашкан Швеция, Нидерланддар жана Германияда, гомосексуалдуулук коом тарабынан кабыл алынышы керек деген көз карашты колдогон адамдардын саны жогору. Ал эми, киши башына ИДП 10 000 доллардан ашпаган Нигерия жана Кенияда көпчүлүк гомосексуалдуулук коом тарабынан кабыл алынбашышы керек деп эсептейт.

Сурамжылоого катышкан өлкөлөрдө, билим деңгээли жогору адамдар, билим деңгээли төмөн адамдарга караганда, гомосексуалдарды жакшы кабыл алышат. Мисалы, Грекияда, орто билим алган адамдардын 42%, жана жогорку билим алгандардын 72% гомосексуалдуулук коом тарабынан кабыл алынышы керек деп эсептешет.

Мыйзамдар жана укуктар

     бир жыныстуу никелер мыйзамдуу      бир жыныстуу бирге жашоо мыйзамдуу      кээ бир укуктарды чектелген таануу      чет өлкөдө түзүлгөн никелерди чектелген таануу      бир жыныстуу мамилелер мыйзамдуу, бирок бир жыныстуу никелер таанылбайт      адам укуктарын чектөө      түрмөгө камоо, иш жүзүндө колдонулбайт      түрмөгө камоо      өлүм жазасы иш жүзүндө колдонулбайт, түрмөгө камоо      өлүм жазасы колдонулат

Дүйнө боюнча гомосексуалдардын укуктары алар жашаган өлкөгө жараша айырмаланат. Бир өлкөлөрдө алар үйлөнүп, балалуу болууга укуктуу болсо, башка өлкөлөрдө эркиндигинен ажырайт же өлүм жазасына тартылат.

Азыркы учурда отуздан ашык өлкөдө, бир жыныстуу никелер мыйзамдуу:

МамлекетДата
1  Нидерланддар01.04.2001
2  Бельгия01.06.2003
3  Испания03.07.2005
4  Канада20.07.2005
5  ТАР30.11.2006
6  Норвегия01.01.2009
7  Швеция01.05.2009
8  Португалия05.06.2010
9  Исландия27.06.2010
10  Аргентина22.07.2010
11  Дания15.06.2012
12  Бразилия16.05.2013
13  Франция18.05.2013
14  Уругвай05.08.2013
15  Жаңы Зеландия19.08.2013
16  Люксембург01.01.2015
17  АКШ26.06.2015
18  Ирландия16.11.2015
19  Колумбия28.04.2016
20  Финляндия01.03.2017
21  Мальта01.09.2017
22  Германия01.10.2017
23  Австралия09.12.2017
24  Австрия01.01.2019
25  Тайвань24.05.2019
26  Эквадор08.07.2019
27  Улуу Британия13.01.2020
28  Коста-Рика26.05.2020
29  Чили10.03.2022
30  Швейцария01.07.2022
31  Словения08.07.2022
32  Куба27.09.2022
33  Мексика31.12.2022
34  Андорра17.02.2023
35  Эстония01.01.2024

Тескерисинче, айрым өлкөлөрдө, гомосексуалдарга карата өлүм жазасы колдонулат, алар: Иран, Ооганстан, жана ошондой эле, Нигерия менен Сомалинин кээ бир аймактары.

Ал эми Кыргызстанда гомосексуалдуулук 1998-жылдан бери мыйзамдуу болуп саналат, бирок гомосексуалдарды дискриминация жана зомбулуктан коргогон мыйзамдар жок, жана конституцияда аял менен эркектин гана никеси таанылат деп жазылган.

Гомосексуалдуулук темасын чагылдырган фильмдер жана телесериалдар

Фильмдер

▪︎ "And Then We Danced",  Швеция,  Грузия, 2019.

▪︎ "Boy Erased",  АКШ, 2018.

▪︎ "Call Me by Your Name",  Италия,  АКШ, 2017.

▪︎ "God's Own Country",  Улуу Британия, 2017.

▪︎ "Handsome Devil",  Ирландия, 2016.

▪︎ "Hidden Kisses" (фр. Baisers cachés),  Франция, 2016.

▪︎ "Love, Simon",  АКШ, 2018.

▪︎ "The Half of It",  АКШ, 2020.

▪︎ "The Way He Looks" (порт. Hoje Eu Quero Voltar Sozinho),  Бразилия, 2014.

▪︎ "Trick",  АКШ, 1999.

Телесериалдар

▪︎ "9-1-1",  АКШ, 2018 – ...

▪︎ "9-1-1: Lone Star",  АКШ, 2020 – ...

▪︎ "Elite" (исп. Élite),  Испания, 2018 – ...

▪︎ "Glee",  АКШ, 2009 – 2015.

▪︎ "Heartstopper",  Улуу Британия, 2022 – ...

▪︎ "Love, Victor",  АКШ, 2020 – 2022.

▪︎ "Queer as Folk",  АКШ, 2000 – 2005.

▪︎ "Sense8",  АКШ, 2015 – 2018.

▪︎ "Sex Education",  Улуу Британия, 2019 – 2023.

▪︎ "Skam",  Норвегия, 2015 – 2017.

▪︎ "Young Royals",  Швеция, 2021 – ...

Байланыштуу макалалар

Шилтемелер