Гомофобия

Гомофо́бия  (байыркы грек тилинде, ὁμός «окшош, бирдей» φόβος «коркунуч» дегенди түшүндүрөт) —  гомосексуалдуулукка же ЛГБТ деп өзүн кабыл алган адамдарга (лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендерлер) карата  терс мамилелер, аларды жектөө жана жек көрүү.

“Гомофобия” термини европалык расмий документтерде колдонулуп, анда айрым  учурларда бул көрүнүш расизм, ксенофобия, антисемитизм жана сексизм менен бирдей деңгээлде каралат[1].

Гомофобия клиникалык башка фобия сыяктуу болбогону үчүн, бул терминге карата  “маанисине төп келбейт” деп сындар айтылып келет[2].

Терминди колдонуу тарыхы

«Гомофобия» терминин биринчи жолу 1960-жылдардын аягында америкалык клиникалык психолог Джордж Вайнберг колдонгон[3]. Бир айдан кийин “Time” журналы мукабасында көрсөткөн "Америкадагы гомосексуал" (“The Homosexual in America”) аттуу макалада «гомофобия» деген сөз колдонулган. Ал эми илимий басылмада алгачкы ирет “гомофобия” термини 1971-жылы Кеннет Смиттин "Гомофобия: Инсандын болжолдуу профили" (“Homophobia: A Tentative Personality Profile”) деген макаласында учурайт[4].

“Гомофобия” терминин жогоруда сөз кылган белгилүү америкалык психолог Джордж Вайнберг өзүнүн илимий эмгектеринде кеңири колдонгон. Ал бул терминди биринчи жолу 1971-жылы жарык көргөн "Жаңы маданият үчүн сөздөр" (“Words for the New Culture”) деген макаласында, андан кийин 1972-жылы басылып чыккан «Коом жана дени сак гомосексуал» (“Society and the Healthy Homosexual”) аттуу монографиясында (“гомофобия” термин колдонулган биринчи илимий эмгек)[3] колдонгон. Анда ал гомофобияны "гомосексуалдарга жакын болуудан коркуу, ал эми гомосексуалдарга тийешелүү учурда болсо, өзүнөн жийиркенүү" деп мүнөздөгөн[4].

Вайнберг 2012-жылы “The Huffington Post” басылмасындагы жеке блогунда гомофобияны расмий түрдө психикалык оорулардын тизмесине бекитүүгө чакырык таштаган[5]. Ал эми Грегори Херек бул жаңы терминдин пайда болушун ЛГБТ тарыхында жаңы барактын ачылышы катары белгилеген. Анын айтымында, бул термин аркылуу  XX кылымда Түндүк Америкада жашаган гомосексуал аял-эркектердин башынан өткөргөн жектөө, кастык жана жашырынуу сыяктуу бүт тажрыйбалары ачыкка чыгарылган. Ошол эле учурда Херек Вайнбергдин гомофобияны патология катары кабылдоо далалатын саясат жасоо катары баалаган[4].

2015-жылы Гомофобияга каршы Эл аралык күнүнө карата Загребдеги Хорват епископторунун конференциясынын имаратынын алдындагы тротуарга тартылган асан-үсөндү жууган кызматкерлер.

Гомосексуалдуулуктун энциклопедиясы” (1990)   "гомофобия" терминине карата ар кандай аныктоолор бар экенин көрсөтөт. Ал эми аныктамалардын баарында жалпы окшоштук бар - аларда гомосексуалдуулукка жана гомосексуал адамдарга карата терс мамилелер камтылган. Ошондой эле энциклопедияда белгиленгендей, сексуалдык туура эмес ишенимдердин фобия катары мүнөздөлүшү көптөгөн себептерден улам сынга алынып келет. Мисал катары карасак,  сексуалдык туура эмес түшүнүктөр  маданий норманын көрсөткүчү эмес, себепсиз коркуулар жана  жеке патология катары эсептелинип калган. Бирок мындай кемчиликтерге карабастан, “гомофобия” термини англис тилинде кеңири жайылган. Авторлор гомофобияны клаустрофобия жана агорафобия сыяктуу орунсуз коркуу катары эмес, расизм жана антисемитизм сыяктуу эле жектөө феномени  катары аныктама берүү керектигин баса белгилешет[6].

Гомофобия аталышына сындар

Грекче "фобия" деген мүчө  физиологиялык жана психологиялык жагымсыз абалды билдирет. Бирок ал клиникалык диагноздун критерийлерин камтыган “фобияга” дал келбейт.  Анткени аталган клиникалык диагноз объекттен же жагдайдан ашыкча, орунсуз жана дайыма корко берүү, ал жагдайдан качуу, аларга жолобоо сыяктуу симптомдорду камтыйт. Ал эми “гомофобия” термини бул критерийлерге жооп бербейт, анткени:

  • гомосексуалдуулукка каршы көз караштагы адамдар лесбияндарга жана гомосексуалдарга болгон терс реакцияларын кадыресе жана негиздүү деп эсептешет;
  • чыныгы клиникалык фобиялардан айырмаланып, гомосексуалдарга каршы көз караштагы адамдардын коомдук жашоосунда сөзсүз түрдө коркунуч жаралбайт;
  • гомофобдор азап-кайгыдан жапа чегишпейт жана терс көз караштардан арылуу зарылдыгын сезишпейт;
  • фобиялар коркунучтуу жагдайлардан же объекттерден качууга түрткү болот, ал эми гомофобияда коркуу жараткан объекттерден обочолонуу аракети ачык жийиркенүү же атайылап жасалган агрессия  менен коштолушу мүмкүн.

Ошондуктан “гомофобия” термини бул көрүнүшкө ылайык келбейт. Анткени бул термин аркылуу гомофобияга тиешелүү айрым гана  учурлар камтылып калган. Мындан тышкары, “гомофобия” менен мизогиния, расизм, антисемитизм  сыяктуу  жектөөнүн башка көптөгөн формаларынын ортосундагы мамилелер эске алынбай калган[7].

"Гомофобия" деген терминдин өзү психикалык ооруну билдирбейт, мындай аталыштагы дартты Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна караштуу Оорулардын эл аралык классификациясында жана Америкалык психиатриялык ассоциациянын психикалык оорулар боюнча диагностикалык жана статистикалык колдонмосунан кезиктирүү мүмкүн эмес.

2012-жылы дүйнөдөгү эң ири маалымат агенттиктеринин бири болгон “Associated Press”  макала жазуу боюнча сунуштамасында "гомофобия" терминин колдонбоого чакырган. Сунуштамада "фобия - бул акылга баш ийбеген коркуу болуп саналат жана көбүнчө психикалык оорунун бир түрү катары каралат" деп баса белгиленген. Ошондой эле, бул терминге туура эмес аныктама берилгенин жана гомосексуалдуулукка каршы сезимдердин же аракеттердин себептери ар түрдүү болушу мүмкүн экендиги айтылган.

Гомонегативизм

Бир жыныстуу сексуалдык мамилелердин каршылаштары алардын гомосексуалдуулукка болгон мамилелери көпчүлүктүн норма жөнүндөгү түшүнүктөрү менен дал келерин жана айыптоого жатпаган кадыресе көрүнүш экенин ырасташат. Бир жыныстуу мамилелердин айрым каршылаштары да, адистер да «гомофобия» терминин туура эмес колдонуусуна каршы чыгып келишүүдө. Алар бул терминди гомосексуалдуулукка каршы адамдарды ден-соолугу түзүк эмес адамдар катары көрсөтүү үчүн колдонулган идеологиялык клише деп эсептешет. Буга байланыштуу “гомофобия” терминин бир кыйла бейтараптуу «гомонегативизм» термини менен алмаштыруу сунуштары айтылууда. Учурда бул жаңы терминди колдонгон илимий эмгектер да бар. Бир катар адистер гомосексуалдык жүрүм-турумга жана жеке адам катары гомосексуалдарга карата моралдык  терс мамилелерди айырмалоону талап кылып келишет. Алардын айтымында, бул жектөөлөрдү гомонегативизмдин ар түрдүү жана өзүнчө формалары катары кароо шарт. Бул айырмачылыкты далилдеген бир катар изилдөөлөр да бар.

Гомофобияны ксенофобиянын (бөтөн, чоочун адамдардан коркуу) бир түрү катары эсептеген пикирлер да айтылып келет . Бул көз карашты кармангандардын пикири боюнча, гомофобия - бул башкалардан өзгөчөлөнүп тургандардан коркуу[8].

Гомофобиянын көрүнүшү

Бир жыныстык катнашка, биримдикке жана билдирүүгө байланыштуу дүйнөлүк мыйзамдар. Бир жыныстуу катнаш мыйзамсыз. Жазалар:      Өлүм жазасы     Түрмө, Өлүм жазасы аткарылбайт      Түрмөгө камоо     Түрмө, аткарылбайт[9] Бир жыныстык катнаш мыйзамдуу. Биримдиктерди таануу:     Нике     жарандык биримдиктер     экстрааймактык нике[10]     Чектелген чет элдик     Чектелген ички     Билдирүүгө чектөө     Жок

Институцоналдык гомофобия

“Гомосексуалдуулук энциклопедиясы”  (1990) боюнча, гомосексуалдуулукка каршы мыйзамдарды кабыл алуу, ошондой эле мыйзам чыгаруучулардын, саясатчылардын, уюшкан диний жана башка социалдык топтордун гомосексуалдуулукка каршы билдирүүлөрү   - бул инситуттук гомофобиянын (уюшулган, жалпы, коомдук) келип чыгуусун шарттайт. Мындан тышкары, авторлор институционалдык гомофобия катары  адамдардын гомосексуалдуулугун жашырууга багытталган социалдык процесстерди да аташат (мисалы, жалпыга маалымдоо каражаттарында гетеронормативдик терминдерди гана колдонуу). Батыш коому көптөгөн кылымдар бою гомосексуалдуулукту жектеген мамилеси менен мүнөздөлүп келген. Авторлордун айтымында,  коомдо гендердик ролдорду бекем сактоо жана жыныстык жүрүм-турумду тукум улоо зарылчылыгы катары караган идеологиядан улам коомчулукта гомосексуалдуулукка каршы маанай пайда болгон. Институционалдык гомофобиянын келип чыгышын аныктаган башка түшүндүрмөлөрдүн арасынан, авторлор айрым саясий жана диний топтор өз кызыкчылыктары үчүн ар түрдүү кагылышууларда гомосексуалдуулукка карай кастыкты колдонушарын белгилешет[6].

Коомдук гомофобиядан улам көптөгөн гомосексуал адамдар элдин жектөөсүнө кабылбоо максатында сексуалдык мамилелерин көмүскөдө жашырууга муктаж болуп келишет. Ал тургай бул феномен үчүн “шкафтын ичинде” деген атайын термин (англисче, in the closet) да колдонулат. Тигил же бул себептерден улам “гомосексуал” деп шектелген гетеросексуалдар да гомофобиянын курмандыгы болушу мүмкүн. Ошентип, гетеросексуалдык көпчүлүктөн айырмалангысы келбеген гетеросексуалдар да, гомосексуалдар да гомосексуалдык көрүнүш катары күмөн туудурган бардык нерселерден этияттанып, алардан оолак болууга  аргасыз болушат.  Муну менен катар гетеросексуалдык маданий код менен кайра-кайра байланыш түзүүүгө мажбурланышат. Атап айтканда,  мисалы, коомдо калыптанган түшүнүк боюнча, эркектер командалык спортко, зордук-зомбулукка, унааларга, сыра ичүүгө кызыкдар болуп, чыныгы эркекке таандык деп эсептелген  сапат - сабырдуулукка ээ болушу керек; ал эми аялдар, өз кезегинде, салттуу түрдө искусствого, ашпозчулукка,  спорттун жеке түрүнө кызыгуусу керек жана аялдарда аларга ыйгарылган күчтүү эмоциялар болушу шарт. Ошондой эле, стереотиптик көз караш боюнча, карама-каршы жыныстагы адамдарга болгон кызыгуу - гомосексуалдуулукту жокко чыгарат[3].

Жеке гомофобия

“Гомосексуалдуулук энциклопедиясы” жеке гомофобия деп, гомосексуал адамдарды ачык жектеген аракеттерди (жаман көз караштан баштап кол салууга чейин) атайт. Ошондой эле, “бардык достору жана туугандары төрөлгөндө эле гетеросексуал болуп жаралат” деген ой-пикирлерин таңуулоо дагы жеке гомофобия катары саналат. Энциклопедия америкалык улуттук изилдөөлөргө таянуу менен, жеке гомофобиянын деңгээли психологиялык, демографиялык абалдардын көрсөткүчүнө жараша болорун ырастайт. Бул ырастоолорго ылайык, гомофобиянын жогорку деңгээли эски көз караштагы жана динди катуу карманган адамдарга мүнөздүү болот. Белгилей кетчү нерсе, мындай адамдар гомосексуалдуулукка карата оң же толеранттуу көз караштагы адамдарга караганда диний сыйынуу иш-чараларына барышат, сексуалдык жана гендердик маселелерге карата чектөөчү көз караштарды карманышат, көбүнесе авторитаризмдин жактоочулары болушат жана өздөрүн ачык алып жүргөн гей, лесбияндар менен байланышы жокко эсе болот.  Бир катар изилдөөлөр гомофобия менен интеллекттин ортосундагы тескери көрсөткүчтү аныкташкан[11]. Мисалы, эреже катары, гомофобиялык көз карашты карманган адамдардын билим деңгээли төмөн же  улгайган куракта болушат. Ошондой эле, жеке гомофобия жалпы коомчулугунда гомосексуалдарга карата терс мамиле өкүм сүргөн аймактарда (мисалы, айыл жеринде же кичи шаарларда) көбүрөөк кездешет[6].

Көптөгөн изилдөөлөр белгилегендей, гетеросексуалдык аялдарга караганда гетеросексуалдык эркектерде гомофобия жогорку деңгээлде болот. Ошондой эле, гомофобия  гомосексуал эркектерге каршы көбүрөөк багытталганы байкалат[6].

Ички гомофобия

Ички гомофобия (англ. internalized homophobia) бул - инсандын гомосексуал же гетересексуал экенине карабастан, бир жыныстуу адамдарга тартылуу сезими пайда болгон учурларда  өзүнө карата болгон гомофобдук реакциясы[12][13]. Мындай учурда кээ бир гомосексуалдар, бисексуалдар жана лесбияндар өздөрүнүн гомосексуалдык каалоолорун өчүрүүгө аракет кылышат.  Айрымдары мындай кадам жасашпаса да,  өздөрүн күнөөлүү сезип, уялуу, тынчсыздануу, өкүнүү сыяктуу терс эмоцияларды баштан кечиришет[14].

Гомофобия түшүнүгү сынга кабылгандай эле, “ички гомофобия” термини дагы  көптөгөн авторлор тарабынан четке кагылууда.  Алар бул терминдин аталышын “ички гетеросексизм", "ички сексуалдык жек көрүү" же "ички сексуалдык стигма” сыяктуу башка терминдер менен алмаштырууну сунуштап келишет. Бирок бүгүнкү күнгө чейин альтернативдик терминология кеңири колдонууга ээ болгон жок.

Ички гомофобия адамдын психикалык ден-соолугуна орчундуу зыян алып келиши мүмкүн. Бул учурда адамда өзүнө болгон баа төмөндөп, невротация, түрдүү психологиялык өксүктөр өрчүп, депрессия күч алып, өз жанын кыйуу ниети пайда болуп, ал тургай өзүнө кол салуу аракеттери да болушу  мүмкүн. Ориентациясын башкалардан жашырып жашаган жана ички гомофобиядан жапа чеккен гомосексуалдарда жана бисексуалдарда да кандайдыр бир параноиддик маанай жаралып, оорулууда орунсуз шектенүүлөр пайда болушу мүмкүн. Мындай адамды башкалар аңдып жүргөндөй жана аны жашырган ориентациясы билинип калат деген кооптонуу коштоп жүрөт.  Ага анын артынан башкалар шылдыңдап, аны талкуулап, айыптап жаткандай сезиле берет. Ошондой эле анын ориентациясын билип алышып, ага терс мамиле жасап жатышкандай туюлуп,  “жумуштан кетиришет, же жумушка кабыл албай коюшат” деген кооптуу ойлордон чыга албай калат.  Бирок мындай кооптонууларга  негиздер болушу да, болбошу да мүмкүн.

ЛГБТден эркин зона, Польша гезитинин стикерлери.

Диндар тайпалардагы гомофобия

Салттуу баалуулуктар - бул муундан-муунга өтүп келген туруктуу адеп-ахлак нормалары жана адамдын жашоо жолу боюнча калыптанган түшүнүктөр. Көп учурда бул баалуулуктардын өзөгүн диний негиздер түзөт. Христиандыктын, иудаизмдин жана исламдын салттуу агымдарында гомосексуалдык жыныстык катнаш чоң күнөө болуп эсептелинет[15]. Диний көз караштар боюнча  күнөөкөрлөрдү  динге туура келбеген иштерден алыстатып,  аларды алган багытынан кайтаруу керек. Ал эми диний активисттердин пикири боюнча, мындай күнөөкөр жашоо образын жайылтуу иштери менен күрөшүү зарыл. Ошентип, диний активисттер мамлекеттен гомосексуалдык ориентациядагы адамдардын коомдук иш-аракеттерине тыюу салууну (гей-параддар жана ушул сыяктуулар) жана мындай аракеттери үчүн кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартууну талап кылышат.

Гомофобиянын кесепеттери

Гомосексуалдардын ден соолугуна тийгизген таасирлери

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, гомосексуалдар гетеросексуалдарга караганда психикалык жактан көбүрөөк жабыркашат[16].  Анда “гомофобиянын ден- соолукка келтирген зыяндарынан улам  азчылыктар стресстик абалга кептелет” деген теория биринчи жолу 1977-жылы Вирджиния Брукстун кандидаттык диссертациясында айтылган[17]. 2003-жылы бул теорияны психиатриялык эпидемиолог Илан Майер кошумчалап, иштеп чыккан[16].  Анын теориясына ылайык, азчылык кабылган стресс гомосексуалдар менен гетеросексуалдарда кезигүүчү психикалык оорулардын сандык ажырымына алып келген. Азчылыктардын стресси – бул стигматизацияланган, башкача айтканда, коомчулук тарабынан басынткан макам ыйгарылган адамдар арасында жайылган кошумча өнөкөт стресс. Азчылыктардын стресске кабыл болушу бир нече процесстерден турат:  стресс алууга шарттаган окуялар жана жагдайлар, мындай окуяларды азчылыктын өз мүчөлөрүнөн күтүү жана терс социалдык түшүнүктөрдү өзүнө сиңирип алуу.  Көбүнесе, ЛГБТ өкүлү дуушар боло турган кесепеттердин оордугу анын жеке инсандык өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды болот: өздүгүн баалоо жөндөмү, өздүгүнө болгон мамилеси жана башкалар менен аралашып жашоо жөндөмү.  Эң башкысы, ЛГБТ коомчулугунун жана анын чөйрөсүндөгү адамдардын  колдоосу ЛГБТ адамдарга стресс менен күрөшүүгө жардам берет, ал эми өздүгүн жашыруу, тескерисинче, стресске алып келиши ыктымал.

Акыркы изилдөөлөргө ылайык, коомчулукта жайылган депрессия, тынчсыздануу, стресстен алган психикалык оор абал, жанын кыюу сыяктуу ойлордун чеңгелинен чыга албай калуу жана баңгизаттарды колдонуу сыяктуу дарттарга гомофобиянын байланышы бар экени тастыкталган. Мындан тышкары, гомофобиянын ден-соолукка тийгизген таасирин да аныкташкан, алар: стресс гормондорунун  жогорулашы, денедеги жаракаттар, жүрөк-кан тамыр оорулары жана тамак сиңирүүнүн бузулушу[18].

Мындан сырткары, гомофобия ЛГБТ адамдарынын арасында АИВ эпидемиясынын күчөшүнө да таасирин тийгизип келет[19]. Ошондой эле, кооптуу сексуалдык жүрүм-турумдун көбөйүшү, АИВге тестирлөөнүн жана бул дарттын алдын-алуу чараларынын азайышын да гомофобия менен байланыштырышат. Ошол эле учурда, коомдогу толеранттуулуктун өсүшү гейлердин ачыкка чыгып, аларга коопсуз сексуалдык тажрыйбадан баш тартууга мүмкүндүк берет. Ал эми мындай өзгөрүүлөр АИВ деңгээлинин төмөндөшүнө өбөлгө түзөт[20].

Ата-эненин гомосексуал балдарын кабыл албай, четке кагуусу алардын психикалык ден-соолугуна, өзүнө болгон баанын төмөндөшүнө жана баңгизатты кыянаттык менен пайдалануу коркунучуна кептеши мүмкүн[18]. Айрым изилдөөлөргө ылайык, ата-энеси тарабынан жектөөгө кабылган гей, лесбиян жана бисексуал жаш балдарда депрессияга кабылуу 5,9 эсе, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылуу 8,4 эсе, баңги заттарды колдонуу 3,4 эсе жана сактанбаган жыныстык катнаш 3,4 эсе  көп учурайт[21].

Ички гомофобия ЛГБТ өкүлдөрүнүн ден-соолугуна олуттуу таасирин тийгизет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ЛГБТ мүчөлөрүн жана алардын бир жыныстуу үй-бүлө куруу укуктарын коргоо мыйзамдарынын жоктугу - мындай адамдар арасында психикалык жабыркоолордун, түрдүү көз карандылыктардын жана өз жанын кыйуулардын көбөйүүсүнө алып келет[22].

Ал эми саламаттыкты сактоо тармагындагы дискриминация дагы  ЛГБТ адамдарга  олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Улуу Британияда жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, ЛГБТ адамдардын 13 пайызы медициналык кызматтарга кайрылуу учурунда теңсинбеген мамилеге дуушар болушса, 23 пайызы медицина кызматкерлеринен өздөрүнө карата кемсинткен орой сөздөрдү уккан. Натыйжада, ЛГБТ адамдардын 14  пайызы дарыгерлердин басынткан мамилелеринен  улам, аларга кайрылуудан баш тартышат[23].

Бүткүл Дүйнөлүк Медициналык Ассоциация төмөндөгүлөрдү билдирет:

Изилдөөлөр көрсөткөндөй,  коомчулуктагы, анын ичинде саламаттык сактоо тутумундагы  ЛГБТ  өкүлдөрүнө карата өгөйлөгөн мамилелерден улам, алар өз убагында жана кесипкөй медициналык тейлөөлөрдү ала албай келишет.  Сапатсыз кам көрүүгө кошумча,  калктын башка мүчөлөрүнө жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүлөр алар үчүн жеткиликсиз болуп калышы да мүмкүн. Мындай жагымсыз жагдайлар депрессияга, жан дүйнө ооруларына, баңгизат колдонууга жана өзүн-өзү өлтүрүү үчүн иш-аракеттерге чоң өбөлгө түзөт.  

Бир жыныстуу мамилелерге тийгизген кесепеттери

Мета-анализдин көрсөткүчтөрүнө ылайык, ички гомофобия туура эмес мамилелерге алып келет[24]. Андагы маалыматтар боюнча, гомофобиянын таасиринен улам ЛГБТ мүчөлөрүнө карата зомбулуктун өсүшү да байкалат.  Ошондой эле, гомофобия адамдардын ички мамилесинде да зомбулукту жаратышы толук ыктымал[25]. Биринчиден, ички гомофобия  зөөкүрдү өзүн жек көрүү эмоциясын бир жыныстагы өнөктөшүнөн чыгарууга түртөт, ал эми мындай кырдаалда жабырлануучу өзүн зомбулукка татыктуу деп эсептейт. Экинчиден, гомосексуалдарды кордогондор гомофобдордун гомосексуалдык курмандыктарга болгон кайдыгерлигин же жек көрүүсүн өз максаттары үчүн пайдаланышат. Мисалы, ЛГБТ өкүлдөрүн коомчулуктан жашырган ориентациясын ачыктоо боюнча коркутууларды колдонушат. Үчүнчүдөн, бир жыныстуулардын мамилелери ар дайым гомофобдук чөйрөнүн көңүл чордонунда болот.  Мындай мамиле бул өнөктөштөрдү идеалдуу мамиленин образын сактап калууга жана үйдөгү уруш-талашты эл алдында чыгарбай, жаап-жашырып жашоого  мажбурлайт[26]. Төртүнчүдөн,  укук коргоо органдарына же үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыктарына жардам берүү үчүн атайын программаларга кайрылган гомосексуалдардын адекваттуу жардам алышы күмөн, же кайрадан гомофобиялык мамилеге туш болушу толук мүмкүн[27].

Эмгек теңсиздигинин кесепеттери

Европадагы ЛГБТ адамдардын 11-30 пайызы 2012-жылы жумушка орношууда дискриминацияга кабылганын билдиришкен[28]. Алардын айтымында, жумушка орношууда жана кызматтан жогорулоодо басынтуулар болот, ал эми жумуш ордунда алардын дарегине ар кандай обу жок сөздөр айтыла берет[29]. Ошондой эле, ориентациясы үчүн жумуштан четтетилген учурлар да жок эмес. Мындай дискриминация гейлер менен гетеросексуалдардын  эмгек акыларындагы ажырымдын бир себеби болушу мүмкүн[30].

Экономикалык кесепеттер

“Pew Research Center” изилдөө борбору жүргүзгөн сурамжылоолор боюнча, өлкөдө гомосексуалдуулукту кабыл алуу деңгээли канчалык өскөн сайын,  ал өлкөнүн ички дүң өндүрүшү дагы ошончолук жогорулаган[31].  Дагы башка изилдөөлөргө ылайык, коомчулукта гомосексуалдуулукту кабыл алууну жана ЛГБТ өкүлдөрүн, алардын укуктарын коргогон  мыйзамдардын ишке киришин ички дүң өндүрүштүн жогорулаган деңгээли менен байланыштырышат[32]. Дагы башка изилдөөлөргө таянсак, гомофобия канчалык күчтөнгөн сайын, өлкөнүн дүң өндүрүшү азайып, адам укуктарын коргоо алсызданат, жарандардын бакубаттыгы төмөнкү көрсөткүчкө түшүп, АИВден каза болгон эркектердин саны жогорулайт[33].

Гомофобиянын экономикага тийгизген терс таасирлери төмөнкү факторлор менен байланышкан: өзүн-өзү өлтүрүү, баңгизатты колдонуу, тамеки чегүү жана ЛГБТ адамдар арасында депрессия, эмгек рыногунда ЛГБТ адамдарды басмырлоо жана АИВ көбөйүшү[34]. Ал эми белгилей кетчү нерсе, гейлердин никесин мыйзамдаштыруу экономикага бир кыйла пайда алып келиши мүмкүн: мисалы, АКШда бир жыныстуу нике мыйзамдаштырылган соң, 5 жыл аралыгында үйлөнүү үлпөттөн түшкөн киреше 3,8 миллиард долларды түзсө, мамлекеттик казынага 244 миллион доллар салык төлөнгөн[35].

Өлкөнүн экономикалык өнүгүү деңгээли менен ЛГБТ адамдарга карата толеранттуу мамилелердин байланышын эки тараптуу караса болот: бир жагынан, эмгек рыногунда жана саламаттыкты сактоо тармагында ЛГБТ адамдарды жектөөнүн төмөндөшү менен эмгектин натыйжалуулугу артат жана саламаттык сактоо тутумуна күч келбейт, мындай көрүнүш экономикалык өсүшкө стимул жаратат. Ал эми экинчи жагынан карасак, өнүккөн өлкөлөр адам укуктарына дагы көбүрөөк көңүл буруп,  эл аралык аренадагы мамлекеттин беделине  маани берип башташат[36].

Булактар