Игорь Стравинский
Стравинский Игорь Фёдорович - орус композитору, дирижёр.
- Композиция боюнча Н. А. Римский-Корсаковдон таалим алган.
- Оркестр үчүн жазылган «Фантастикалык скерцо» жана «Фейерверк» фантазиясы (1908) - алгачкы чыгармалары. Парижде «Зымырык куш» (1910), «Петрушка» (1911), «Касиеттүү жаз» (1913) балеттеринин премьерасы коюлуп, дүйнөлүк атакка ээ болгон.
- 1910-жылдан чет өлкөдө жашап, концерттик ишмердигин уланткан.
- 20-50-жылдары «Эдип падыша» опера-ораториясын, «Орфей» балетин, 2 симфония, оркестр үчүн концерттер ж. б. жазган.
- 1962-ж. СССРге автордук концерт менен келген.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч