Каакым
Каакым — көп жылдык чөп өсүмдүк. Суу жээгинде, жолдун боюнда, огороддо, талаа-шалбааларда жана башка жерде өсөт. Медицинада каакымдын тамыры дары катарында колдонулат. Элдик медицинада кургатылган тамырын жана чөбүн демдеп өт баштыкчасынын оорусуна жана тамакка табитти жогорулатуучу дары катары, ошондой эле тамак сиңирүү бездеринин секрециясын ылдамдатуу үчүн да колдонулат. 10 г чөптү жана тамырын бир стакан кайнак сууга чылап тундуруп, чыпкалап күнүнө 5—6 жолу кашык менен ичет.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч