Калий нитраты

Калий нитраты, калий селитрасы, КNО3 — түссүз кристаллдар, тыгызд. 2,11 г/см3, балкып эрүү t 339°С; пайда болуу жылуулугу ДHo 298 =-17,76 Дж/моль. Сууда жакшы эрийт, жогорку темп-рада ысытканда кычкылтекти бөлүп чыгарат. К. н. менен орг. заттар аралашмасы жеңил от алышып тездик менен күйөт. Жаратылышта К. н. натрий нитраты менен бирдикте минераддар түрүндө кездешет. Орг. заттар чиришинен да пайда болот. Негизинен натрий нитраты менен калий хлоридинин орун алмашуу реакциясы аркылуу алынат. Жер семирткич катары колдонулат. Мындан тышкары айнек өн-дүрүүдө, пиротехникада, эт продуктула-рын консервалоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6