Каньон
Каньон (исп. cañón – ноо, капчыгай маанисинде) – капталдары өтө тик, таманы салыштырмалуу кууш, терең дарыя өрөөнү; кууш капчыгай. Таманын дарыя нугу толук ээлеп жатат. Платолордо же тоолуу жерлерди суу жемирип жеп кетишинен пайда болот. Каньон көбүнчө агын сууларга жарды, климаты кургакчыл, акиташ же базальт тектеринен турган платолорго мүнөздүү. Дүйнөдөгү эң ири жана белгилүү Каньон – Колорадо дарыясындагы Чоң Каньон (АКШда), анын узундугу 320 км, тереңдиги 1800 мге чейин. Кыргыздар мындай жерлерди шаңшаар, танги деп атайт.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч