Крым хандыгы

Крым хандыгыкырым татарларынын, Алтын ордодон бөлүнүп чыккан (15–18-кылымдар) феодалдык мамлекети. 1239-ж. моңгол-татарлар Крымда жашаган алан, кыпчак, слав ж. б. элдерди каратып, жарым аралдын түз жерлерин басып алган жана 13-кылымдын аягында аны өздөрүнүн туруктуу жайлоо-кыштоосуна айландырышкан.

Крым хандыгы
(кырым татарча Qırım hanlığı, قريم خانلغى)

хандык
Осмон империясынын вассалы 1470—1774
1441 — 1783


ЖелекГерб
Борбор калааКырк-Жер (1441—1490)
Салачик (1490—1532)
Бакчысарай (1532—1783)
Тилкырым татар тили
ДинИслам
Акча бирдигибешлик кырг. Бештик
Аянт152 000 км²
Калк500.000 ге жакын
Сулале (династия)Герей династиясы
Хан
 - 1441—1466Ажы Герай 1 (биринчи)
 - 1782—1783Шахин Герай (аяңкы)
Өтүүчүлүк
Алтын Ордо
Орусия империясы

Тарыхы

13–14-кылымдарда Крымда өзгөчө акимдик (борбору – Солхат) түзүлүп, 1433-ж. ич ара күрөштүн натыйжасында феодал ак сөөктөрдүн колдоосу менен Девлет-Хажи-Гирей бийликке келген. 1443-ж. Литва Улуу княздыгына таянып, ал Алтын Ордого көз карандысыз Крым хандыгын түзгөн. Менгли-Гирей хандын тушунда (1468–1515) түрк аскерлери Крымга басып киргенден кийин (1475), Крым хандыгы Түркияга көз каранды хандыкка айланган. Крым хандыгынын феодал ак сөөктөрү олжо, туткун, салык алуу үчүн 16–17-кылымдарда Орусия, Украина, Польша жерлерине кол салып турган. 17–18-кылымдардагы орус-түрк согуштарында Крым хандыгы Түркияны колдогон. Күчүк-Кайнаржы тынчтык келишими (1774) боюнча Крым хандыгы Түркияга көз карандылыктан кутулуп, Орусиянын протекторатындагы көз карандысыз хандыкка айланган. 1783-жылы Орусия империясынын курамына биротоло кошулган.

Булактар