Нельсон Мандела

Нельсон Мандела
ТАРдын президенти.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты:Нельсон Ролилахла Мандела
Туулган жылы:18.7.1918
Туулган жери:Түштүк Африка союзу, Умтата
Өлкө:ТАРдын желеги Түштүк Африка республикасы
Партиясы:“Африка улуттук конгресси”
Ишмердүүлүгү:ТАРдын президенти
Атасы:Гадла Генри Мандела
Энеси:Нонгапи Носекени
Аялдары:
1.Эвелин
2. Винни
3. Граса
Балдары:2 уулу, 4 кызы бар
кол тамгасы:Nelson Mandela Signature.svg

Нельсон Ролилахла Мандела 1918-жылы 18-июлда Умтатага жакын жерде жарык дүйнөгө келген. Түштүк Африка Республикасынын сегизинчи жана тунгуч кара терилүү президенти. Анын президенттик ишмердүүлүгү 1994-жылдын 10-майынан 1999-жылдын 14-июнуна чейинки аралыка туура келет. Апартеид кезинде адам укуктары үчүн күрөшкөндөрдүн эң белгилүүсү. Саясий туткун катары 27 жыл 6 ай 6 күн абакта отуруп чыккан. 1993-жылы Нобель сыйлыгын алган. Нельсон Мандела ТАРда Мадиба деген ат менен да белгилүү.

Өмүр жолунун башталышы жана жаштыгы

Нельсон Мандела 1918 жылдын18 июлунда Умтатадан анча алыс эмес Мфезо айылында төрөлгөн. Анын үй-бүлөсүнүн теги Тембу династиясынын жетектегендердин урпактары болуп саналат. Анын бабаларынын бири (1832-жылы өлгөн) тембунун башкаруучусу болгон. Анын Мандела аттуу баласы Нельсондун чоң атасы болгон (фамилиясы ошондон келип чыккан).

Нельсон Мандела 1937-жылы[1].

Нельсондун атасы, Гадла Генри Мандела Мфезо айылынын башкаруучусу болгон. Анын атасынын 4 аялы болуп, алардан 13 баласы (4 уул, 9 кыз) болгон.[2]. Мандела анын Нонгапи Носекени аттуу үчүнчү аялынан төрөлгөн [3][4] жана апасын Холилала деп аташкан. Холилала Мандела үй-бүлөдөн мектепке баргандардын алгачкысы болгон.

Мандела 9 жашында атасы кургак учуктан көз жумган. Жашынан эле анча алыс эмес жерде жайгашкан бащталгыч мектептен билим алган. 16 жашында ал тембунун салты боюнча өткөрүлүүчү демилгелөө иш чарасына катышкан. Анын натыйжасында Кларкбери институт-интернатынан билим алып, 2 жылдын аралыгында башталгыч орто билим тууралуу сертификатка ээ болгон(англ. Junior Certificate)[5]. Он тогуз жашында бокска жана чуркоого кызыга баштаган[3].

Чыгармалар

Манделланын сөздөрү жана китептер:

  • Я готов к смерти (речь произнесённая на заседании суда 20 апреля 1964 года)
  • Долгая дорога к свободе‎ (автобиография),
  • The Struggle Is My Life,
  • Nelson Mandela Speaks: Forging a Democratic, Nonracial South Africa,
  • Разговоры с самим собой‎ (сборник архивных данных, записей, писем из заключения).

Книги о Нельсоне Манделе:

  • Мандела: Официальная биография, авт. Энтони Сэмпсон.

Эскертүүлөр

Колдонулган адабияттар

  • Кто есть кто в мировой политике / Редкол.: Л. П. Кравченко (отв. ред.) и др. — М.: Политиздат, 1990. ISBN 5-250-00513-6

Ссылки

Калып:Библиомаалымат

Калып:Нельсон Мандела

Калып:ТАР президенттери

Калып:Нобель сыйлыгы 1976—2000
Калып:Жыл адамы (Тайм журналы боюнча) 1976-2000