Пелопоннес
Пелопоннес – Грекиянын түштүгүндөгү жарым арал, Балкан жарым аралынын негизги бөлүгү менен Коринф мойногу аркылуу туташат. Аянты 21,5 миң км2. Жээктери булуң-буйткалуу. Тоолор (эң бийик жери 2404 м, Айос-Илиас чокусу) басымдуу. Пелопоннестин орто бөлүгүндө карст рельефтүү Аркада бөксө тоосу жайгашкан. Жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, фригана), токойлор өсөт. Пелопоннес – ошондой эле тарыхый-географиялык аймак. Анда антика доорунун архитектурасы сакталган. Патры, Коринф, Спарта шаары, Олимпия, Микены шаарынын урандылары бар.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч