Плакат
Плакат (латынча placatum – күбөлүк) – көркөм графиканын кеңири тараган түрү, көркөм сүрөт искусствосунун эң массалык формаларынын бири. П-тын өзгөчө касиеттерине анын көчөлөрдө, коомдук жерлерде жана башка активдүү жана кеңири таасир берүүчү үгүттөө-түшүндүрүү максаттары менен багыттары кирет. Ушуга байланыштуу П. так формасы менен мазмуну кыска, салыштырмалуу түрдө өлчөмүнүн чоңдугу (графикалык чыгармалар үчүн) менен айырмаланат. Плакаттын таасирдүүлүгү – анын тексти менен сүрөттөлүшүнүн органикалык биримдигинде. Графиканын ушул түрүнүн өзүнчө көркөм чыгармасы да П. деп (эреже катары, репродукция түрүндө) аталат. Адатта плакат офсет же литография техникасы менен басылат.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч