Сия

Сия Кейт Изобель Ферлер (англ. Sia Kate Isobelle Furler, айтылышы: /ˈsiːə/; 1975-жылы 18-декабрь) - австралиялык ырчы, ыр жазуучу, музыкалык продюсер жана музыкалык видео жетекчиси. 1990-жылдардын ортосунда ал Аделаиданын Crisp эйсид-джаз тобунун ырчысы катары өзүнүн чыгармачылык ишин баштаган. 1997-жылы Австралияда Crisp тобу тарагандан кийин ал өзүнүн Only See (кырг. Байка) аталышындагы алгачкы студиялык альбомун жаздырган. Кийин ал Лондонго (Англия) көчүп, британиялык Zero 7 дуэтинин башкы вокалисти болгон.

2000-жылы Сия Sony Music белгисинин көзөмөл астындагы Dance Pool үндү жаздыруучу фирма белгиси менен келишимге кол коюп 2001-жылы Healing Is Difficult (кырг. Айыгуу оңой эмес) аталышындагы экинчи студиялык альбомун жаздырган. Альбомунун илгерилөөсү менен нааразы болгон Сия Go! Beat менен келишимге кол коюп 2004-жылы Colour the Small One (кырг. Кичинекейдин өңү) аталышындагы үчүнчү студиялык альбомун жаздырат. Долбоор негизги угармандардын көңүлүн алууга аракеттенип Сия 2005-жылы Нү-Йоркко көчүп АКШда гастролдоп жүрүүсүн баштаган. Ал өзүнүн төртүнчү жана бешинчи студиялык альбомдорун - Some People Have Real Problems (кырг. Кээ бирөөлөр олуттуу маселелерге дуушар) and We Are Born (кырг. Биз дүйнөгө келдик) – 2008чи жана 2010-жылдары жаздырылган. Ошону менен Сия тыныгууга чыгып башка артисттерге ыр жазуу менен алек болгон. Анан каталогу Дэвид Гетта ("Titanium" (кырг. "Титан")), Рианна ("Diamonds" (кырг. "Бриллианттар")) жана Flo Rida ("Wild Ones" (кырг. "Түркөйлөр")) сыяктуу ырчылар менен ийгиликтүү кызматташтыктарды камтыйт.

2014-жылы Сия 1000 Forms of Fear (кырг. Коркуунун 1000 калыбы) аталышындагы алтынчы студиялык альбомун жаздырган, ал АКШнын Billboard 200 чартында биринчи орунду алгып, чарттын биринчи ондугуна "Chandelier" (кырг. "Канделябр") сингли менен башкы кыз-бийчиси катары Медди Зиглер тартылган үч музыкалык видеосу кирген. 2016-жылы жыздырылып чыгарылган This Is Acting (кырг. Бул таасирин берет) жетинчи студиялык альбомунун "Cheap Thrills" (кырг. "Арзан оюн-зооктор") синглин Hot 100 чартында биринчи орунга ээ болгон. Ошол эле жылы Сия искусство аткарууларын камтыган Nostalgic for the Present Tour турун өткөргөн. Сия көптөгөн музыкалык сыйлыктарга ээ болгон, алардын ичинде: ARIA Awards жана MTV музыкалык видео сыйлыгы.

Өмүр таржымалы

Сыйлыктары

Шилтемелер