Түштүк Австралия (штат)

Түштүк Австралия (англ. South Australia ) — Австралиянын түштүгүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан штат.

Түштүк Австралия
англ. South Australia'
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Түштүк Австралия картада

Өлкө:

Австралия

Абалы:

Штат

Акимий борбору:

Аделаида

Ири шаары:

Аделаида

Түзүлгөн убакыты:

1836

Губернатор:

Хьеу Ван Ле

Премьер:

Стивен Маршалл

Расмий тили:

Англисче

Калкы (2021):

1 781 516

Жыштыгы:

1,81 адам/км²

Жер аянты:

984 321 км² (4 орун)

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити
 • Эң төмөн чекити



 1435 м
 -14 м

Саат алкагы:

UTC+9:30 UTC+10:30

ISO 3166-2 коду:

AU-SA

Телефон коду:

+61 08

Интернет-домени:

.au

Расмий сайты

Этимология

Бул штат Австралия континентинин борбордук бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкандыгына байланыштуу ушундай аталышты алган.

География

Түштүк Австралиянын чыгыш бөлүгүнүн спутниктиктен тартылган сүрөтү

Штаттын аймагы континенттин эң кургак жерлеринде жайгашкан жана анын жалпы аянты 983,482 км² түзүп, аянты боюнча Австралиянын төртүнчү орундагы штаты.

Түштүк Австралия башка бардык штаттар менен чектешет: батышында Батыш Австралия, түндүгүндө Австралиянын түндүк аймагы, түндүк-чыгышында Квинсленд, чыгышында Жаңы Түштүк Уэльс жана түштүк-чыгышында Виктория менен чектешет. Түштүгүндө Түштүк океанынын Австралия чоң булуңунун суулары менен чулганат.

Климат

Орточо температура январь айында 29 °C жана июлда 15 °C түзөт. Штаттын айрым жерлеринде күндүзгү температура январь жана февраль айларында 48 °C чейин жетиши мүмкүн.

Түштүк Австралиядагы абанын температусрасы боюнча маалыматтары[1][2]
АйларЯнвФевМартАпрМайИюньИюльАвгСенОктНояДекЖыл
Эң жогорку °C (°F)50.7

(123.3)

48.2

(118.8)

46.5

(115.7)

42.1

(107.8)

36.5

(97.7)

34.0

(93.2)

34.2

(93.6)

36.5

(97.7)

41.5

(106.7)

45.4

(113.7)

47.9

(118.2)

49.9

(121.8)

50.7

(123.3)

Эң төмөнкү °C (°F)0.2

(32.4)

0.8

(33.4)

−2.2

(28.0)

−3.5

(25.7)

−6.6

(20.1)

−8.1

(17.4)

−8.2

(17.2)

−6.6

(20.1)

−4.5

(23.9)

−4.4

(24.1)

−2.4

(27.7)

−0.5

(31.1)

−8.2

(17.2)

Жаан-чачын

Калк

2021-жылдын декабрына карата алынган маалыматтарга ылайык Түштүк Австралиянын калкынын саны 1 806 599 адамды түзгөн[3], 2017-жылдын июнь айындагы маалыматтарга караганда штаттын калкынын 1,333,927 адамы Аделаида шаарынын аймагында орун алышкан[4].

Башка маанилүү отурукташкан жайларынын калкынын саны:

  • Маунт Гамбиер (29,505)[4]
  • Виктор Харбор, Гуолва (26,334)[4]
  • Уайалла (21,976)[4]
  • Марри Бридж (18,452)[4]
  • Порт Линкольн (16,281)[4]
  • Порт пири (14,267)[4]
  • Порт Огаста (13 957)[4]

Улуттук курамы

2016-жылдагы эл каттоонун улуттук курам боюнча маалыматтары[5]:

2016-жылдагы эл каттоонун маалыматтына ылайык, штаттын калкынын 28,9% чет өлкөлөрдөн көчүп баргандар түзгөн. Чет өлкөлөрдөн көчүп баргандардын эң көп топтору: Англиядан (5,8%), Индиядан (1,6%), Кытайдан (1,5%), Италиядан (1,1%) жана Вьетнамдан (0,9%)[4][5].

2016-жылы калктын 2% (34,184 адам) жергиликтүү австралиялыктар түзгөн[4][5].

Тил

2016-жылдагы эл каттоонун маалыматтына ылайык, штаттын калкынын калкынын 78,2% англис тилинде сүйлөйт. Англис тилинен башка эң көп колдонулган тилдер: италян тили (1,7%), мандарин тили (1,7%), грек тили (1,4%), вьетнам тили (1,1%) жана кантон диалекти (0,6%) болгон[4][5].

Дин

2016-жылдагы эл каттоонун маалыматтына ылайык, штаттын калкынын 53,9% христиан динин кандайдыр бир агымын карманары аныкталган. Сурамжылоого катышкандардын 9% динге ишенбей калгандар. Сурамжылоого катышкандардын 35,4% - "дин жок", 18% католикмин, 10% - англия чиркөөсүнүн мүчөсүмүн жана 7,1% австралиядагы биримдик чиркөө барып турам деген жоопторду беришкен [4][5].

Түштүк Австралияда да миңдеген пруссиялык лютерчиликти карманган иммигранттары жашаган. Ошондуктан Австралиянын лютерчилик чиркөөсү азыркыга чейин Германиядан кийинки эле ири лютерчилик чиркөөсү болуп саналат[6].

Австралиядагы биринчи мусулмандар мечити ушул штаттын аймагында курулган[7].

Дагы окуңуз

Булактар

Тышкы шилтемелер