Убакыт алкагы

Убакыт алкагынын эки негизги түшүнүктөрү бар:

  • Географиялык убакыт алканы — жердин бетинин туурасы 15°ка туура келген шарттуу тилкеси (ортолук меридианга караганда ± 7,5°ка)

Гринвич меридианы - убакыт алкагынын орточо нөлдүк меридианы болуп эсептелинет.

  • Административдик убакыт алкагы — атайын бир мыйзамдарга ылайык белгилүү бир убакыт бекитилген жер бетинин аймактары. Бул түшүнүккө дагы датанын дал келиши деген түшүнүк да кирет. Мында, эгер, UTC−10:00 жана UTC+14:00 убакыт аралыктары аларда күндүн бирдей убактысы болгондугуна карабай ар кандай деп эсептелинет.
    Убакыт алкагы

Убакыт алкактарынын түзүлүүсү бир жагынан Жердин өз огунда айланышын эске алуу менен, экинчи жагынан аймактардын жергиликтүү бирдей күн убактын айырмалары бир саатка калдыксыз бөлүнгөндөй кылып аныктоосу менен байланыштуу. Жыйынтыгында 24 административдик убакыт алкактары болуусу жана алардын ар бири географиялык убакыт алкактарына аздыр-көптүр дал келиши керек деп чечилген.

Эсептөө чекити болуп Гринвич меридианы алынган. Себеби ал нөлдүк меридиан, нөлдүк убакыт аралыгынын ортосу.

Азыркы кезде убакыт координацияланган дүйнөлүк убакыт боюнча орнотулат (UTC), ал убакыт Гринвич убакытынын ордуна киргизилген (GMT).

UTC шкаласы атом убактысынын бирдей калыпта орнотулган убакытка (TAI) жана таянат, жөнөкөй адамдарга колдонууга ылайыкташтырылган. Убакыт алкактары Жер шарынын оң (чыгышка карай) жана терс (батышка карай) деп нөлдүк меридианга карата түшүндүрүлөт. Жайкы убакытка которгон аймактарга UTCтин жайкы убакытка которулбайт.

Убакыттын чектөөнүн себептери

Азыркы убакыт алкагынын заманбап системасынын негизин дүйнөлүк убакытты координциалоо болуп эсептелинет. Андан баардык алкактардын убактысы түзүлгөн. Жердин узактыгынын ар бир градусуна (же мүнөтүнө) карай бөлбөө үчүн Жер бети 24 убакыт алкагына бөлүнгөн. Бир алкактан экинчи алкакка өтүүдө мүнөт жана секунда өзгөрүлбөйт, болгону сааттын мааниси өзгөрөт. Бүткүл дүйнөлдүк убакыттан сааттары гана айырмаланбастан, мүнөттүк көрсөткүчү да 30 же 45 мүнөткө өзгөргөн өлкөлөр бар.

Жайкы убакыт

Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот.

Декреттик убакыт

Декреттик убакытСССРде 19301931-жылдары киргизилген убакытты «алкактык убакытка дагы бир саат» деген система боюнча эсептөө тартиби.

Ар кайсы өлкөлөрдөгү убакыт алкактары

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагында бир нече убакыт алкактары бар. Ал эми деңиздеги, океандагы ээликтери менен кошо кандайдыр бир өлкөлөр да бир нече убакыт алкактарына кирет:

Көпчүлүк өлкөлөр (Улуу Британия жана Франция дагы, деңиздеги ээликтеин кошпогондо) бир эле аралыкта жайгашкан. Кээ бир мамлекеттер узун жана чоң болгону менен, бир гана убакыт алкагын колдонушат. Мисалы Кытай беш географиялык алкакта жайгашканы менен, бирдиктүү Кытай убактысы менен.

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагындагы административдик-аймактык бирдиктер эки же андан көп убакыт алкактарын колдонушат. Мисалы, Орусиядагы Якутия жана Канададагы Нунавут аймагы үч убакыт алкагын колдонушат.

Бир нече убакыт алкагы бар өлкөлөрдүн тизмеси

ӨлкөУбакыт алкактарынын

саны

Эң батыштык

убакыт алкагы

Эң чыгыштык

убакыт алкагы

Жайкы убакытка өтүү
 Бразилия3UTC−4UTC−2Көпчүлүк бөлүгүндө алынып алынган
 Улуу Британия8UTC−8UTC
Калып:Өлкө желеги/Гренландия4, жайында 3UTC-4UTCКөпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Дания5UTC-4UTC+1
 Конго Демократиялык Республикасы2UTC+1UTC+2Эч качан болгон эмес
Индонезия3UTC+7UTC+9Эч качан болгон эмес
 Испания2UTCUTC+1
 Казакстан2UTC+5UTC+6Алынып салынган
 Канада6UTC−8UTC−3:30Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
 Кирибати3UTC+12UTC+14Эч качан болгон эмес
 Мексика4UTC−8UTC−5Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
 Микронезия Федеративдик Штаттары2UTC+10UTC+11Эч качан болгон эмес
 Монголия2UTC+7UTC+8Колдонулат
 Нидерланддар2UTC-4UTC+1
 Жаңы Зеландия2UTC+12UTC+12:45Колдонулат
 Португалия2UTC-1UTC
 Орусия11UTC+2UTC+12Алынып салынган
 АКШ6UTC-10UTC-5Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
 Украина2, жайында 1UTC+2UTC+3Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
 Франция12UTC-10UTC+12
 Чили2UTC-5UTC-3Алынып салынган
 Эквадор2UTC-6UTC-5

Убакыт алкагынын тизмеси

Порт-Морсби) (Kilo)

  • UTC+10:30 — Австралиянын бир бөлүгү
  • UTC+11 —Орто Колымдык убакыт, Борбордук-тынч океан убактысы (Соломон Аралдары, Жаңы Каледония) (Lima)
  • UTC+11:30 — Норфолк аралы (Австралия)
  • UTC+12 — Камчатка убактысы, Маршал аралдары, Фиджи, Жаңы Зеландия (Mike)
  • UTC+12:45 — Чатем архипелагы(Жаңы Зеландия)
  • UTC+13 — Самоа, Тонга
  • UTC+13:45 — Чатем  архипелагындагы жайкы убакыт (Жаңы Зеландия)
  • UTC+14 — Лайн аралдары (Кирибати)

Кашаанын ичинде убакыт зоналарынын аббревиациясы көрсөтүлгөн