Улан-Удэ
Улан-Удэ - Россиядагы шаар, Бурятиянын адм. борбору.
Уда дарыясы Селенга д-на куя бериште жайгашкан пристань. Калкы 359,0 мин (2011). Машина куруу, металл иштетүү (заводдору: авиа, прибор, кеме куруу, локомотив, вагон, «Теплоприбор-Комплект», «Улан-Удэстальмост» ж. б.), жыгаччылык, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. РИАнын Сибирь бөлүмүнүн бурят филиалы, ЖОЖ, театрлар (а. и. опера жана балет), музейлер (тарых, сүрөт, бурят таштары, чыгыш искусство, жаратылыш ж. б.) бар. 1666-ж. негизделген. 1698-1730-ж. Удинск, 17301934-ж. Жогорку Удинск, 1923-жылдан Бурятиянын борбору. Собор (18-к.), классицизм стилиндеги конок үйү (19-кылымдын башы) сакталган.
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч