Эбро
Эбро (Ebro) - Пиреней жарым аралынын түндүк-чыгышындагы дарыя.
Эбро | |
---|---|
Уз. 928 км, алабынын аянты 86,8 миң км2. Кантабрия кырка тоосунан башталып, Арагон түздүгү жана Католон тоосу аркылуу агып, Жер ортолук деңизге куят. Орточо чыгымы 560 м3/сек: кышында жана жазында суусу мол. Ири куймалары: Арагон, Гальего, Сегре, Ялан, Гвадалупа. Эбро дарыясы Арагон түздүгүнө чейин сугат каналдары (Арагон жана Тауст) бар. Боюнда Миранда-де-Эбро, Лограньо, Сарагоса, Тартоса ш. жайгашкан. Сарагоса шаарына чейин кеме жүрөт. Сугатка пайдаланылат. ГЭС, 3 ири суу сактагыч курулган (Каспе-Миккененза, Риба-Рока, Флик).
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч