Эл аралык уюм

эл аралык укуктун субъекти

Эл аралык уюмэл аралык келишимдердин (уставдын, статуттун же башка уюштуруучу документтин) негизинде түзүлгөн өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес мүнөздөгү туруктуу институттар.

Эл аралык уюм үчүн: түзүмүн жөнгө салуучу уюмдаштыруучу, уюмдун ишмердигинин негизги максаттарын жана багыттарын аныктоочу документтин болуусу; ишмердигинин туруктуу же такай мүнөзүн аныктоочу документтин болуусу; ишмердигинин негизги усулу катары көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жана маселелерди талкуулоону пайдалануусу; чечимдерди добуш берүү же консенсус жолу менен кабыл алуусу мүнөздүү.

Өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес эл аралык уюмдар ошондой эле бүткүл дүйнөлүк жана аймактык болуп бөлүнөт.

Булактар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7