25-ноябрь

Жылдын - 329 күнү. Жыл аягына чейин 36 күн бар

  • БУУ желеги Эл аралык аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүү күнү

ноябрь
ДшШшШрБшЖмИшЖк
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
2024-ж.

Кыргызстан

  • 1982-жылы: Кыргызстан аймагындагы кыргыз-кытай чек арасын аныкташ үчүн Орусия менен Кытай мамлекеттери ортосундагы Кашкар протоколуна кол коюлган.
  • 1985-жылы: Кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков жарык дүйнөгө келген.
  • 2008-жылы: Өлкөдөгү энергетикалык каатчылык күчөп турганда, өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков кызматынан кол жууп, анын ордуна Ильяс Давыдов дайындалган.
  • 2009-жылы: Окумуштуу Абдыкадыр Орусбаев каза болгон.

Дүйнө

  • 1763-жылы: Франциялык жазуучу Антуан-Франсуа Прево көз жумган.
  • 1867-жылы: Альфред Нобель динамитке патент алган.
  • 1915-жылы: Чилинин диктатору Аугусто Пиночет жарык дүйнөгө келген.
  • 1925-жылы: Актриса Нонна Мордюкова жарык дүйнөгө келген.
  • 1970-жылы: Атактуу жапон жазуучусу жана драматург Юкио Мисима өзүн өзү өлтүргөн.
  • 1993-жылы: Орусияда 1990-жылдардын эң кандуу бандиттик жаңжалдардын бири болуп өтүп, Рязань шаарында уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсүн атып кетишет.
  • 2005-жылы: Ралли боюнча дүйнөнүн чемпиону, англиялык авто жарышчы Ричард Бёрнс көз жумган.