Wikipedia Zero
Wikipedia Zero – Wikimedia фондунун долбоору. Долбоордун башкы максаты – мобилдик түзүлүштөрдөн, айрыкча өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде Уикипедияга акысыз кирүүнү камсыздоо.[1][2] Программа 2012-жылы иштелип чыккан.[3] 2013-жылдын март айында Wikipedia Zero «Жигердүүлүк» номинациясында SXSW (South by Southwest) сыйлыкка ээ болгон.[4] Программанын башкы максаты – акысыз билим алууга болгон тоскоолдуктарды жоюу. Интернетке туташуунун баасы, акысыз билимге жетүүдөгү эң негизги тоскоолдуктардын бири болуп эсептелет.
Тарыхы
Wikipedia Zero эң алгач 2012-жылдын май айында Малайзияда ишке киргизилген.[5] Ал эми 2012-жылдын октябрь айында Wikipedia Zero долбоору Таиландда GSM форматында иштеген dtac жана Saudi Telecom Company телекоммуникациялык компаниясы менен биргелешип Сауд Арабияда ишке ашырылган. 2013-жылы май айында долбоор Пакистанда Mobilink менен биргеликте иштей баштаган.[6] 2013-жылдын июнь айында Wikipedia Zero Dialog Axiata телекоммуникациялык тейлөө провайдери менен биргеликте Шри-Ланкада иш жүзүнө ашкан.[7] Уикипедияга кирүү Aircel мобилдик желе оператору аркылуу Индияда да акысыз камсыз кылынат.[8] 2013-жылдын октябрь айынан тартып Umniah менен биргеликте Иорданияда иштеп баштаган. Ошондой эле Уикимедиа фондунун долбоору 2014-жылдын май айында Ncell аркылуу Непалда да ишке кирген. [9][10] 2014-ж. май айында Непалда Ncell м-н биргеликте ишке ашырылган.[11] 2014-ж. 16-майынан тартып Wikipedia Zero долбоору Кыргызстанда Beeline мобилдик оператору тарабынан, 2014-ж. 3-декабрынан тарта MegaCom мобилдик оператору тарабынан ишке ашырылган.[12] [13]
Дүйнөлүк ири түйүндөрдүн бири Фейсбук Facebook Zero деп аталган демилге менен Wikipedia Zero долбоорун колдоорун билдирген. [14][15][16]
Кыргызстанда
Акысыз Уикипедия – zero.wikipedia.org жана m.wikipedia.org даректери аркылуу жеткиликтүү.