Алыстан начар көрүү

Алыстан начар көрүү (миопия) — көрүүнүн кемчилдиги, алысты бүдөмүккөрүү. Ага жарыктын жетишсиздиги, буюмдарды өтө жакын коюп иштөө(китеп окуу, жазуу, кол өнөрчүлүк жана башка) себеп болот. Ал көбүнчө мектепте окуган мезгилден башталып, жаш өткөн сайын начарлай берет.

Алыстан начар көргөндөрдүн көзү бат чарчайт, көп окуганда же жазганда каштын үстү ооруйт, көз алмасын кыймылдатканда көздөн чыбырчыктар көрүнөт.Алыстан начар көргөндөр буюмду так көрүү үчүн аны көзүнө абданжакындатууга аргасыз болот. Көрүү кемчилиги «чачыратуучу» иймек линзалуукөз айнек менен оңдолот. Ал көзгө күч келүүдөн пайда болгон жагымсызсезимдерди жоготот.

Алдын алуу

Алдын алуу үчүн, барыдан мурда көздүн иштөөсүн ыңгайлуу шарт түзүү, көзгө күч келтирбөө зарыл. Жакын буюм менен иштөө жарык жерде, эмгектин ж-а эс алуунун туура режимин сактоо менен жүргүзүлүүсү керек. Мектеп жашындагы балдар окуганда жана жазганда китеп менен дептерди көзүнөн33—35 см аралыкта кармап, башын өтө эңкейтпеш керек. Төшөктө жатып женачар жарыкта окууга болбойт. Кечинде китеп окуганда же жазганда столгокоюлуучу шамды (40 Вттан кем эмес) пайдаланып, аны алдыга же сол жакка,китеп менен дептерге өз колунун көлөкөсү түшпөгөндөй жайгаштырат. Окуучубалдарга окуу же жазуу 45— 50 минутадан ашпоого тийиш.

Эгер алыстан начар көрө баштаса, негизги максат — аны токтотуу же анданары өөрчүшүн азайтуу. Ал үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасоо, дарыгердин бардыккөрсөтмөсүн так аткаруу маанилүү. Начар көрүүнүн оптика кемчилдиги көз айнек менен толукталат (аны дарыгер тандайт). Алыстан начар коруу күчөп, кадимки көз айнек жардам бербесе, көздүн тунук челине иймектүү линза жабыштырылат да, ал буюмдун элесин көздүн тор кабыгына таасын чогултат.

Дарылоо

Дарылануу сунуш кылынат. Алыстан начар көрүүнүн күчөшүн алдын алуу үчүн көз менен иштөөдө гигиеналык шарттарды сактоо зарыл.Мектепке жана кесиптик кызматка байланышпаган көзгө күч келтирүүнү мүмкүнболушунча азайтууга болот. 30—45 мин. иштегенден кийин 10— 15 мин. көздүэс алдыруу зарыл. Алыстан өтө начар көргөндөр оор нерсе көтөрүүгө, спорт оор түрлөрүнө (мисалы, оор атлетика, күрөш, акробатика жана,6ашкалар) катышууга болбойт.


Колдонулган адабияттар

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8