Аялдардын укуктары

Ар бир аялдар үчүн өзүнө таандык деп эсептелген укук

Аялдардын укуктарыадамдын жалпы укуктары, ошондой эле аялдардын биологиялык өзгөчөлүктөрү, социалдык жана үй-бүлөлүк статусу менен шартталган укуктары менен эркиндиктеринин жыйындысы. 1945-жылдан кийин А. у. Эл-аралык-укуктук жөнгө салуунун маанилүү объектилеринин бири болуп калды (аялдардын абалына тийешелүү бир катар атайын конвенциялар кабыл алынды). Аялдардын укуктары – ар бир аялга, кызга жарандыгына, жаш курагына, расасына, этникалык жана диний өзгөчөлүгүнө карабай туулгандан тарта таандык жана тартып алгыс укуктар.

Кээ бир өлкөлөрдө бул укуктар мыйзам, жергиликтүү үрп-адат жана жүрүм-турум менен институтташтырылган же колдоого алынат, ал эми башкаларында алар этибарга алынбайт жана басылышат.

Көбүнчө аялдардын укуктары жөнүндөгү түшүнүктөр менен байланышкан маселелерге дененин бүтүндүгүн жана өз алдынчалуулугун, сексуалдык зомбулуктан эркин болуу, добуш берүү, мамлекеттик кызматтарды ээлөө, мыйзамдуу келишимдерди түзүү, үй-бүлөлүк укукта бирдей укуктарга ээ болуу, иштөө, адилет эмгек акы же бирдей акы алуу, репродуктивдүү укуктарга ээ болуу, менчикке ээ болуу жана билим алуу кирет.[1]

Тарыхы

Байыркы Шумерияда аялдар мүлк сатып алууга, мүлккө ээлик кылууга, сатууга жана мурастоого укуктуу болушкан деген маалымат бар.[2] Алар соода менен алектенип жана сотто күбө катары көрсөтмө бере алышкан.

Байыркы Мысырда аялдар ал учурдагы башка көптөгөн өнүккөн цивилизациялардагы аялдарга, мисалы, байыркы Греция жана Римдеги аялдарга салыштырмалуу бийик статуста болушкан. Мысырдык аялдар мурас калтырууда эркектер менен тең укуктуу болуп эсептелген, согуштан бөлөк учурларда өлкөдө кыймыл эркиндигине ээ болушкан, келишим түзүүгө, сотторго катышууга, бирөөнү сотко берүүгө, балдарды өз наамына каттоого укуктуу болушкан. Птолемей доорунун тушунда Мысырда жашаган жана күйөөсүнөн көз каранды грек аялдары мысырдык аялдардын өз алдынчалыгына, эркиндигине суктанышкан деп айтылат.[3]

Байыркы Афиныда аялдардын укуктары кыйла чектелүү болгон. Алар үчүн көп тармактар кол жеткис болгон, аларга жетүүгө умтулган аялдар коомдук кескин сын-пикирлерге дуушар болушкан.[4]

Батыш Европадагы аялдар үчүн никеге туруу менен башталып, никени токтотуу менен аяктаган өзгөчө жөндөмсүздүк иштелип чыккан. Англис укугунда турмушка чыккан аял өзүнүн укуктук жекелигин таптакыр жоготкон, күйөө-аял бир адам деп саналган, ал адам – күйөө. Күйөөсү аялы менен келишим түзө алган эмес, аялынын турмушка чыга элек кезиндеги карыздары күйөөнүн карызына айланган, аял турмушка чыгары менен анын керээзи жокко чыгып, бардык кыймылдуу мүлкү күйөөсүнүн менчиги деп таанылган. Аял өз алдынча келишим түзө алган эмес, күйөөсүнүн макулдугу менен түзүлгөн келишимге аял эмес, күйөөсү жоопкер болгон. 1882-жылы гана Улуу Британиядагы аялдар мүлккө ортомчусуз ээлик кылуу жана керээз калтыруу укугуна ээ болушту.[5]

АКШнын биринчи болуп Миссисипи штаты 1839-жылы никелүү аялдын жеке менчикке болгон укугу жөнүндө мыйзам кабыл алып, артынан башка штаттар да кабыл ала башташкан.[6] Ушундай эле мыйзамды Швеция 1874-жылы кабыл алды.[7]

Германия күйөөсү аялынын никеге чейинки мүлктөрүнө ээлик кылуусун токтотуп, никеден кийин табылган мүлктөрдү экөөсүнүн жалпы мүлкү деп тааный турган мыйзамды 1957-жылы кабыл алган.[8]  

АКШда 1963-жылдан баштап бирдей эмгек маяна, эмгек акы чөйрөсүндө жыныс белгисине карап дискриминациялоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам иштеп баштаган. 1968-жылы турак жай курулушунда жыныстардын бирдейлиги, 1974-жылы аялдардын билим алуудагы теңдиги, 1975-жылы насыялоо ишинде бирдей мүмкүнчүлүктөр жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган.[9]

Медициналык көрсөтмөсүз абортторго Улуу Британияда 1967-жылы, АКШда 1973-жылы, Францияда 1979-жылы уруксат берилген.

1917-жылдагы Октябрь революциясы Россияда аялдардын абалынын терең жана бардыгын кучагына алган өзгөрүүлөрдүн башталышын белгиледи. 1917-жылы декабрда Бүткүл россиялык Борбордук Аткаруу Комитети жана Элдик Комиссарлар Совети нике жана ажырашуу жөнүндө декреттерди кабыл алышкан, алар күйөө менен аялга бирдей укуктарды берген. 1918-жылы январь айында Советтердин Бүткүл россиялык III съезди аялдарга эркектер менен бирдей саясий укуктарды берген «Эмгекчи жана эксплуатацияланган элдин укуктарынын декларациясын» бекитти. 1918-жылдын июль айында советтик биринчи Конституция бул укуктарды жана эркектер менен аялдардын закондуу теңдигин камсыз кылган. 1920-1930-жылдар аялдарды массалык түрдө коомдук иштерге тартуу мезгили болду.[10]

8-март Аялдардын эл аралык күнүндө Анжияндагы паранжаларды өрттөө, 1927-ж

Коомдук өндүрүштө жалпы жумушчулардын жана кызматчылардын 51 пайызын аялдар түзүп турган учурлар болду.[11] Билим алууда советтик аялдар 1920-жылдардан кийин эл чарбачылыгында иштеген жогорку жана орто билимдүү адистердин 59 пайызын түздү.[11] 1981-жылы аялдар ЖОЖдордо окуган студенттердин 52 пайызын, орто атайын билим берүү мекемелеринде окугандардын 56 пайызын түзгөн. 1980-жылкы шайлоолордо 1 миллиондон ашык аял жергиликтүү Советтердин депутаты болуп шайланды. Бул – жалпы депутаттардын 50 пайызы болчу.

Орто Азияда аялдардын укугу жана эркиндигин чагылдырган көрүнүктүү окуялардын бири – Худжум операциясы. Худжум (түрк. “баштоо, киришүү”) – аялдардын статусун өзгөртүү максатында 1920-30-жылдары Орто Азияда жүргүзүлгөн кампания. Орто Азияда көп аялдуулук, жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү, аялды мураска калтыруу (күйөөсү каза болсо, анын бир тууганына энчилеп берүү) көрүнүштөрү кездешчү.[12] 1920-жылдары СССР боюнча аялдардын коомдогу статусун жакшыртуу саясаты старт алган. 1920-жылдын ортосунда “Чыгыш аялдарынын боштондугу” кампаниясынын алкагында атайын көрсөтмө иштелип чыккан – бул худжум. Аялдар бала багуу, гигиена, укук, медицина боюнча окутула баштаган. Худжум – аялдардын коомчулук алдында паранжысын чечип өрттөгөн акциялары менен белгилүү. Совет бийлиги 1924-жылы “Калың төлөөнү жоюу тууралуу” декретти күчүнө киргизген, ушундан кийин биринчилерден болуп өзбек жумушчулары массалык түрдө паранжа ташташкан.[13]

7-кылымга чейин Араб жарым аралдарында бир үй-бүлөнүн бирден ашык кызы болсо, алар жүк болуп көрүнсө, аларды тирүүлөй көмүшкөн.[14] Жаңы диндин пайда болушу менен жаңы төрөлгөн наристелерди өлтүрүүгө тыюу салынган. Куран аяттарынын биринде бул тууралуу минтип жазылган: “Ачкачылыктан коркуп өз балдарыңарды өлтүрбөгүлө, биз аларды жана силерди багабыз...”.[15] Ымыркайларды өлтүрүү салты токтогону менен, кыздарга караганда уул балдарга дагы деле артыкчылык берилет.

Түркияда феминисттик кыймылдар XIX кылымда Осмон империясы кулаган тушта башталган. Гендердик теңдиктин идеалы расмий деңгээлде Мустафа Кемаль Ататүрктүн башкаруусу тушунда кабыл алынган деп эсептелет. Анын модернизацияланган реформалары көп аялдуулукка тыюу салууну да камтыган, жыйынтыгы түрк аялдарына саясий укук берүүгө алып барды.  

Түркияда 1908-жылы алгачкы аялдар ассоциациясы, аялдарды социалдык камсыздоо боюнча Осмон уюму түзүлгөн. Түркия 1930-жылы аялдарга толук саясий укук берди, аялдар муниципалдык деңгээлде шайлоо жана шайланууга мүмкүнчүлүк алышты, 1934-жылы бул укук улуттук деңгээлге көтөрүлдү. Түркия Конституциялык соттун жетекчилигине аял бекитилген дүйнөдөгү биринчи өлкө.[16]

Африкалык коомдордо тарыхка белгилүү аял лидерлер 7-кылымдан баштап болуп келген. Маданият жана чөлкөмдүн динамикасынын көп тараптуулугу көп кылымдар бою бири-бири менен өз ара аракетте болду, татаал жана карама каршылыктуу гендердик маданиятты жаратты дешет адистер.[17] Өзүнчө кыймыл катары африкалык феминизм XX кылымда старт алган. Аны жарандык активист Аделаида Кейси-Хейфорд (1918-жылы Түштүк Африкада “Банту” аялдар лигасын түзгөн) жана Худа Шараави (1923-жылы Египеттик феминисттик союзду түзгөн) жетектеген.

Негизги түшүнүктөр

Табигый укуктар

Табигый укуктар (лат. ius naturale) – адамга табияттан ыйгарылган жана мамлекетте мыйзам аркылуу таанууга же тааныбоого муктаж эмес баалуулуктардын жана укуктардын жыйындысын түшүндүргөн термин. Мисалы, элдин Конституция түзүүгө карата укугу, үй-бүлө курууга же курбоого болгон укугу, эмгекке болгон укук, жарандардын мыйзам жана сот алдында бирдейлиги жана башкалар табыгый укук болуп саналат.[18]

Улуу Британия менен Америкадагы 17-кылымдагы табигый укук философтору Аристотель жана христиан теологу Томас Аквинский сыяктуу байыркы философторго шилтеме жасоо менен табигый укуктар теориясын иштеп чыгышкан. Байыркы философтор сыяктуу эле, 17-кылымдын табигый укук философтору кулчулукту жана мыйзамдагы аялдардын төмөн статусун жакташкан.[19]

Добуш берүү укугу

Үйүн саткан англиялык активист Эммелин Панкхерст[en] Британия менен АКШны добуш укугу үчүн сөз сүйлөп кыдырды. Ал 1913-жылы Коннектикутта сүйлөгөн "Эркиндик же өлүм" деген анын эң белгилүү сөздөрүнүн бири.

Жарандын мамлекетте шайлоого жана шайланууга болгон укугу.[20] Биринчилерден болуп аялдардын шайлоо укугун Жаңы Зеландия (1893), Австралия (1902), ЕвропадаФинляндиянын Улуу Герцогдугу (Россия империясынын курамында, 1906), ислам дүйнөсүндө – Крым Эл Республикасы (1917) киргизген.[18] Акыркыларынын айрымдары: Кувейт (2005), Бириккен Араб Эмираттары (2006) жана Сауд Арабиясы (2011).

Менчик укуктары

Менчик укуктары – өндүрүш каражатына жана пайдалануу предметине болгон менчик мамилелерди бекемдеген укуктук нормалардын системи.

19-кылымга чейин Батыш Европа өлкөлөрүндө аялдардын менчикке укугу дээрлик жок болчу. Бул аракетке жөндөмсүздүгүнүн ашкере көрүнүшү англиялык мыйзамдарда берилген, мында аял никеге тургандан кийин өзүнүн юридикалык субъектилигинен толук ажырайт. Бир гана 1882-жылы Улуу Британияда аялдар менчик укугуна ээ болгон.[5]

Америка Кошмо Штаттарында Миссисипи штаты биринчилерден болуп 1839-жылы үй-бүлөлүү аялдын мүлккө болгон укугу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган, андан кийин башка штаттар.[21] Германияда 1957-жылы теңдик жөнүндө мыйзам кабыл алынган, ага ылайык күйөөсү мындан ары аялынын мүлкүн башкара албайт, аялынын айлыгын сарптоо укугунан ажыратылган жана мындан ары жумуш берүүчүдөн аны жумуштан кетирүүнү талап кыла албайт .[22]

Кыргызстанда аялдардын турак жайга болгон укуктары корголбойт, аялдардын 10%ы гана турак жайга ээ. Ал эми Кыргызстандагы турак жайлардын 71%ы эркектерге таандык.[23]

Тең эмгектенүү укугу

Тең эмгектенүү укугу – “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын” 23-беренесине ылайык, ар бир адам эмгекке, жумушту эркин тандоого, адижаштүү жана алгылыктуу эмгек шартына жана жумушсуздуктан корголууга укуктуу. Мисалы, айрым өлкөлөрдө жумуштун кээ бир түрлөрүнө аялдарды тартууга уруксат берилбейт. Декларация андай көрүнүштөрдү айыптайт.  

Кыймыл эркиндиги

Кыймыл эркиндиги[en] – адамдын өлкө ичинде тоскоолдуксуз кыймылдоого, жашай турган жерин тандоого, өлкөдөн чыгууга жана кайтып келүүгө болгон укугу.[24] Адамдагы негизги жеке укуктардын бири. Бул укук өлкө жарандары үчүн гана толук түрдө берилет, башка өлкөнүн жарандары үчүн чектелиши ыктымал.

Бүгүнкү күндө бир катар өлкөлөрдө аялдардын кыймыл эркиндиги чектелүү, мисалы, Бириккен Араб Эмирчиликтеригин коомдук нормалары аялдын күйөөсүнүн же атасынын макулдугусуз чыгуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.[25] Конституциянын 29-беренеси БАЭнин бардык жарандарына, эркектерине жана аялдарына, мыйзам чегинде кыймыл жана жашоо эркиндигине кепилдик берсе дагы аялдар чет өлкөгө чыгуу үчүн камкорчу эркектин уруксатына ээ болушу керек. Эркек адам аялынын жана кыздарынын паспортторун тартып алууга же иммиграция органдарына алардын БАЭден чыгуусуна тыюу салууга укуктуу.[26]

Саламаттык укугу

Саламаттык укугу – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Уставына ылайык, “саламаттыктын жогорку жеткиликтүү деңгээлине жетишүү бардык адамзаттын негизги укуктарынын бири болуп саналат”.[27] Мисалы, өлкөнүн ар бир жараны ооруп калганда мамлекеттик ооруканадан дарыланууга укуктуу.

Билим алуу укугу

Билим алуу укугу – “экинчи муундагы” адамдардын укуктарынын бири. БУУнун экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча комитети тарабынан билим алууга болгон укук 4 негизги мүнөздөмөгө бөлүнөт: бар болуучулук, жеткиликтүүлүк, алгылыктуулук жана билим берүүнүн адаптациялануучулугу. Башка көпчүлүк өлкөлөрдөй эле, Кыргызстандын Баш мыйзамында да ар бир жаран билим алууга укуктуу экени жазылган.

Репродуктивдик укуктар

Репродуктивдик укуктар – адамдын жыныстык ден соолугу менен байланышкан, ар кайсы өлкө өз алдынча аныктаган жана ар кандай түшүнүлгөн мыйзамдуу (юридикалык) укуктардын бир бөлүгү.[28] Жарандардын тукум улоого, алардын репродуктивдик ден соолугун коргоого жана никеси бар же никеден тышкары бала төрөө (төрөтүү) же бала төрөөдөн (төрөтүүдөн) баш тартуу, бойго бүтүрүү жана бала төрөө ыкмалары туурасында чечимдерди эркин кабыл алууга, бул чөйрөдө медициналык, маалыматтык жана консультациялык жардам алууга болгон укуктары.[29]

Зомбулуктан эркин болуу укугу

Зомбулуктан эркин болуу укугуБаланын укуктары жөнүндө конвенция 19-беренесине ылайык, ар бир мүчө-мамлекет балдарды физикалык жана психологиялык зомбулуктун бардык формасынан коргоо үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдык, административдик, социалдык чараларды көрүүгө милдеттүү. Мисалы, өспүрүм кыздарды оор жумуштарга тартуудан коргоочу мыйзамдар жана жоболор.

Үй-бүлөлүк укугу

Үй-бүлөлүк укугу – Аялдарга карата дискриминациянын бардык формасын жоюу жөнүндө конвенциянын (1979) 9-беренесине ылайык, ар бир мүчө-мамлекет балдарынын жарандыгына карата аялдарга жана эркектерге бирдей укук берүүгө тийиш деп бекитилген. Мисалы, баланы кайсы өлкөдө окутууну жана жашатууну аныктоону ата жана эне бирдей чече алышат дегенди билдирет.

8-март

Агитациялык плакат: 8 март — үй кулчулугуна каршы жумушчу аялдардын козголошунун күнү. Дейкин Б.,1932, СССР

Аялдардын эл аралык күнү – дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө жыл сайын 8-мартта белгиленген,тең укуктуулук үчүн күрөшүүдө аялдардын тилектештигинин күнү катары жаралган. 1975-жылдын мартынан баштап Аялдардын эл аралык күнү БУУда белгиленет.[30]

Аялдардын эл аралык күнүнүн жыл сайын майрамдалып башташына 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист айымдардын Экинчи эл аралык конференциясы салым кошту. Бул күндү майрамдоону Клара Цеткин сунуштаган. Максаттарынын бири – аялдардын жалпыга бирдей шайлоо укугу үчүн күрөшүү эле. Сунуш 17 өлкөнүн атынан катышкан 100дөн ашык аялдын бир добуштан колдоосуна татыган[31], бирок кайсы датада белгиленери чечилген эмес. Көп жылдар бою бул күн ар кайсы өлкөдө март айынын ар кайсы күнүндө белгиленип жүрдү.[32] 1975-жылы БУУ Аялдардын эл аралык жылына байланыштуу 8-мартта Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөнү баштаган.

Учурда 8-март Аялдардын эл аралык күнү белгиленет жана мурдагы СССРдеги мамлекеттерде (Латвия, Литва жана Эстониядан башка) иш күнү эмес деп жарыяланат.[33] Кытайда аялдар үчүн кыскартылган иш күнү каралган. Германияда 2019-жылдан бери 8-март аймактык майрам болуп эсептелет жана Берлинде дем алыш күн деп жарыяланат.[34]

Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнү катары майрамдалат. Бул күнү феминисттер ар кандай акцияларды өткөрүшүп, тең укуктуулук тууралуу коңгуроо кагышат.      

Дүйнөлүк диндердеги аял укуктары

Ислам мыйзамдары укук, милдеттер жаатында эркек жана аялдын ролундагы сезилерлик айырмачылыкты белгилейт. Андай айырмачылыктар никеде, ажырашууда, укуктук статуста, кийинүүдө жана билим алууда даана байкалат. Мисалы, эркектин (күйөөсүнүн) 3 жолу талак деп айтышы менен жубайлар ажырашып кетиши мүмкүн (диний жөрөлгө боюнча). Аялда андай укук жок. Шарият олуттуу себеби жок туруп аялдын талак сурашын айыптайт, бул жаатта Мухаммед пайгамбардын мындай дегени бар:

“Аял күйөөсү менен ажырашууну кааласа, бирок ал үчүн олуттуу себептер жок болсо, андай аял бейиштин жытын да жыттабайт”.[35]

Лужайн аль-Хатлул[en], саудиялык аялдардын укугун коргоочу активист. Автоунаа айдап жүргөнү үчүн 2018-жылы камакка алынган.

Куранда “эркектер аялдардан бир даража жогору турушат” деп айтылат.[36] “Эркектер аялдардын үстүнөн башкаруучу”.[37] “Бийликти аялга ыйгарып койгон коом эч ийгиликке жетишпейт”.[38] Исламдагы эркекке 4 аялга чейин алууга болот, ал эми аялга бир никеден башкага уруксат берилбейт деген норма дагы бар.  

Индиялык “Ману мыйзамы” мындай деп бекемдейт:

“Бала кезде аял атасына, жаш кезинде күйөөсүнө, күйөөсү өлгөндөн кийин балдарына баш ийиши керек... Аял эч качан баш ийүүдөн эркин болбошу керек”.[39]

Инжилде

“Аялдар, күйөөңөргө Кудайга баш ийгендей баш ийгиле. Анткени күйөөңөр аялдын башчысы, Христос чиркөөнүн башчысы болгондой эле” деп айтылат.[40]

Жогорудагыдай нормалардан улам айрым окумуштуулар диний окуулар аялдардын коомдогу тең укуксуз ордун эскертип турат деп белгилешет.[41]

Аял укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк маанилүү конференциялар

Штутгарт, 1907.

Аял-социалисттердин эл аралык биринчи конференциясы 1907-жылы августта Германиянын Штутгарт шаарында өтүп, ага 15 өлкөдөн 58 делегат катышкан. Конференцияда Штутгартта катчылык түзүлүп, Клара Цеткин[en] катчы болуп дайындалган.[42]

Копенгаген, 1910.

Эл аралык экинчи социалисттик аялдардын конференциясы 1910-жылы 26-27-августта Копенгагенде өттү. 17 мамлекеттен жүздөй делегат катышкан: Германиянын социал-демократиялык аялдары, Аялдардын жумушчу лигасы жана башкалар. Социалдык мыйзамдар, билим берүү, саламаттыкты сактоо маселелери талкууланган.

Mexico, 1975

Аялдардын абалы боюнча биринчи дүйнөлүк конференция. Жыйын 1975-жылы 19-июнь-2-июль аралыгында Мексиканын Мехико шаарында өткөн. Катышуучулар мамлекеттерди аялдардын өнүгүү процессине тең укуктуу катышуусу үчүн улуттук стратегияларды иштеп чыгууга жана максаттарды так аныктоого чакырышкан. Мехикодогу бул жолугушуунун маанилүү аспекти – дискуссиянын өңүтүн түздөн-түз аялдар өздөрү аныкташты. Конференцияга катышкан 133 делегациянын 113 үн аялдар жетектешкен.[43]

Copenhagen, 1980

Аялдардын абалы боюнча экинчи дүйнөлүк конференция. 1980-жылдын 14-30-июль күндөрү Даниянын Копенгаген шаарында иш жүргүздү. Анда 1975-жылкы конференциядагы иш-аракеттер планынын аткарылышына анализ жүргүзүлүп, баа берилди. БУУга мүчө 145 өлкөдөн делегаттар катышып, бул тармакта сезилерлик прогресске жетишүү жөнүндө бир пикирге келишкен. 5 жыл мурун Мехикодо коюлган максаттарга жетүүдө ийгиликтер бар экени айтылган. Ал ийгиликтердин бири 1979-жылы Башкы ассамблея тарабынан Аялдарга карата дискриминациянын бардык формасын жоюу жөнүндө конвенциянын кабыл алынышы болчу.[44]

Nairobi, 1985

Кениянын Найроби шаарында 1985-жылдын 15-26-июлунда өткөн аялдардын абалы боюнча үчүнчү дүйнөлүк конференция. Гендердик теңдик үчүн кыймыл аталган конференцияда “БУУ аялдар он жылдыгынын жетишкендиктерин баяндоо жана баалоо үчүн дүйнөлүк конференция: Теңдик, өнүгүү жана тынчтык” деген аталышта чыныгы дүйнөлүк кабыл алууга жетишти. Өкмөттүк эмес уюмдардын 15 миңден ашык өкүлдөрү параллелдүү Өкмөттүк эмес уюмдардын форумуна катышып, аталган конференцияга “дүйнөлүк феминизмдин төрөлүш” акты катары мамиле кылышты.[45]

Beijing, 1995

Аялдардын абалы боюнча төртүнчү дүйнөлүк конференция. Бул конференция Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасынын кабыл алынышы менен эсте калды. Бул документтер – аялдардын мүмкүнчүлүгүн жана укугун кеңейтүүнүн стратегиялык программасы. Бүгүнкү күндө гендердик теңдикти ишке ашырууда толук кандуу глобалдык алкактык программа жана концептуалдык иш-аракеттердин планы бойдон калууда.[46]

Аялдардын шайлоо укугу киргизилген жылдар

Тизме мамлекеттерде жана аймактарда аялдардын эл өкүлдөрүн шайлоо укугу биринчи жолу киргизилген даталарды көрсөтөт.[47][48].

ӨлкөЖылЖашы
 Австралия190218 жаш
 Австрия191816 жаш
Азербайжан191818 жаш
 Албания192018 жаш
 Алжир196218 жаш
АКШнын Виргин аралдарымаалымат жок18 жаш
Америкалык Самоа199018 жаш
Ангилья195118 жаш
 Ангола197518 жаш
 Андорра197018 жаш
Антигуа и Барбуда195118 жаш
Макаомаалымат жок18 жаш
 Аргентина194718 жаш
 Армения1919, 192120 жаш, 18 жаш
Арубамаалымат жок18 жаш
Афганистан196318 жаш
Багамы196018 жаш
 Бангладеш197218 жаш
 Барбадос195018 жаш
 Бахрейн200218 жаш
 Белиз195418 жаш
 Беларусь191918 жаш
 Бельгия1919/194818 жаш
 Бенин195618 жаш
Бермуды194418 жаш
 Болгария194418 жаш
 Боливия195218 жаш
Босния жана Герцеговина194918 жаш
 Ботсвана196518 жаш
 Бразилия193116 жаш
Британиялык Виргин Аралдарымаалымат жок18 жаш
 Бруней195918 жаш[п 1]
 Буркина-Фасо195818 жаш
 Бурунди196118 жаш
 Бутан195318 жаш
 Вануату197518 жаш
Улуу Британия191818 жаш[п 2]
 Венгрия191818 жаш
 Венесуэла194618 жаш
Чыгыш Тимормаалымат жок17 жаш
 Вьетнам194618 жаш
 Габон195621 жаш
 Гаити195018 жаш
 Гайана195318 жаш
 Гамбия196018 жаш
 Гана195418 жаш
 Гватемала194618 жаш
 Гвинея195818 жаш
 Гвинея-Бисау197718 жаш
 Германия191818 жаш
Гернсимаалымат жок18 жаш
Гибралтармаалымат жок18 жаш
Гондурас195518 жаш
 Гонконг194918 жаш
 Гренада195118 жаш
Гренландиямаалымат жок18 жаш
 Грекия195218 жаш
 Грузия191818 жаш
 Гуаммаалымат жок18 жаш
 Дания191518 жаш
Конго Демократиялык Республика196718 жаш
Джерсимаалымат жок16 жаш
 Джибути194618 жаш
 Доминика195118 жаш
Доминикан Республикасы194218 жаш
 Египет195618 жаш
 Замбия196218 жаш
 Зимбабве195718 жаш
 Израиль194818 жаш
 Индия194718 жаш
 Индонезия194517 жаш[п 3]
 Иордания197418 жаш
 Ирак198018 жаш
 Иран196316 жаш
 Ирландия191818 жаш
 Исландия191518 жаш
 Испания193118 жаш
 Италия194618 жаш[п 4]
 Йемен196718 жаш
 Кабо-Верде197518 жаш
Казакстан192418 жаш
Кайман аралдарымаалымат жок18 жаш
 Камбоджа195518 жаш
 Камерун194620 жаш
 Канада191718 жаш
 Катар199718 жаш
 Кения196318 жаш
 Кипр196018 жаш
Кыргыз Республикасы191818 жаш
 Кирибати196718 жаш
Кытай Эл Республикасы194918 жаш
Кытай Республикасы194720 жаш
Кокос аралдарымаалымат жок18 жаш
 Колумбия195418 жаш
Коморы195618 жаш
Түндүк Корея194617 жаш
 Коста-Рика194918 жаш
 Кот-д’Ивуар195219 жаш
 Куба193416 жаш
 Кувейт200521 жаш
Түштүк Корея194819 жаш
 Чад195818 жаш
 Чили193518 жаш
Конго Республикасы196318 жаш
Кука аралы189318 жаш
 Хорватия194518 жаш
 Чехия192018 жаш
 Эквадор192918 жаш
 Сальвадор193918 жаш
Экваториалдык Гвинея196318 жаш
 Эритрея199318 жаш
 Эфиопия195518 жаш
Фолкленд аралдары198418 жаш
Фарер аралдарымаалымат жок18 жаш
 Фижи196321 жаш
 Финляндия190618 жаш
 Франция194418 жаш
Француз Полинезиясымаалымат жок18 жаш
 Ватиканнетнет[п 5]
 Жамайка194418 жаш
Жапония194520 жаш
 Лаос195818 жаш
 Латвия191818 жаш
 Ливан195221 жаш[п 6]
 Лесото196518 жаш
 Либерия194618 жаш
 Ливия196418 жаш
 Лихтенштейн198418 жаш
 Литва191818 жаш
 Люксембург191918 жаш
 Түндүк Македония194618 жаш
 Мадагаскар195918 жаш
 Малави196118 жаш
 Малайзия195721 жаш
Мальдивдер193221 жаш
 Мали195618 жаш
 Мальта194718 жаш
Маршал аралдары197918 жаш
 Мавритания196118 жаш
 Маврикий195618 жаш
Майоттамаалымат жок18 жаш
 Мексика194718 жаш
 Микронезия Федеративдик Штаттары197918 жаш
Молдова194018 жаш
 Монако196218 жаш
 Монголия192418 жаш
 Монтенегромаалымат жок18 жаш
Монтсерратмаалымат жок18 жаш
 Марокко196318 жаш
 Мозамбик197518 жаш
Бирма192218 жаш
 Намибия198918 жаш
 Науру196820 жаш
 Непал195118 жаш
Нидерланддар191918 жаш
Нидерланд Антиль аралдарымаалымат жок18 жаш
Жаңы Каледониямаалымат жок18 жаш
Жаңы Зеландий189318 жаш
 Никарагуа195516 жаш
 Нигер194818 жаш
 Нигерия195818 жаш
Ниуэмаалымат жок18 жаш
Норфолк аралымаалымат жок18 жаш
Түндүк Мариан аралдарымаалымат жок18 жаш
 Норвегия191318 жаш
 Оман200321 жаш
Мэн аралы188116 жаш
 Пакистан194718 жаш
 Палау197918 жаш
 Панама194118 жаш
Папуа=Жаңы Гвинея196418 жаш
 Парагвай196118 жаш
 Перу195518 жаш
Филиппиндер193718 жаш
Питкерн аралы183818 жаш
 Польша191818 жаш
 Португалия193118 жаш
 Пуэрто-Рико192918 жаш
 Румыния193818 жаш
Орусия191718 жаш
 Руанда196118 жаш
Сан-Бэртелемимаалымат жок18 жаш
Ыйык Елена аралымаалымат жокмаалымат жок
Сен-Китс жана Невис195118 жаш
 Сент-Люсия192418 жаш
Сен-Мартенмаалымат жок18 жаш
Сен-Пьер жана Микелонмаалымат жок18 жаш
Сен-Винсент жана Гринедин195118 жаш
 Самоа199021 жаш
 Сан-Марино195918 жаш
Сан-Томе жана Принсипи197518 жаш
Сауд Арабиясы201121 жаш
 Сенегал194518 жаш
 Сербия194518 жаш
Сейшел аралдары194817 жаш
 Сьерра-Леоне196118 жаш
 Сингапур194721 жаш
 Словакия192018 жаш
 Словения194518 жаш[п 7]
Соломон аралдары197421 жаш
 Сомали195618 жаш
Борбордук Африка Республикасы198621 жаш
Түштүк Африка Республикасы1930; 1994[п 8]18 жаш
 Шри-Ланка193118 жаш
 Судан196417 жаш
 Суринам194818 жаш
 Свазиленд196818 жаш
 Швеция191918 жаш
 Швейцария197118 жаш
 Сирия194918 жаш
Тажикстан192418 жаш
 Танзания195918 жаш
 Таиланд193218 жаш
 Того194518 жаш
Токелаумаалымат жок21 жаш
 Тонга196021 жаш
Тринидад жана Тобаго194618 жаш
 Тунис195918 жаш
Түркия193018 жаш
Түркменистан192418 жаш
Теркс жана Кайкосмаалымат жок18 жаш
 Тувалу196718 жаш
 Уганда196218 жаш
 Украина191918 жаш
БАЭ2006маалымат жок
АКШ192018 жаш
 Уругвай192718 жаш
Өзбекистан192418 жаш
Уолис жана Футуна200118 жаш
 Эстония1919[п 9]18 жаш
 Югославия194518 жаш

Кошумча шилтемелер

Бейджин декларациясы (англ.)

БУУнун аялдар декадасы дүйнөлүк конференциянын отчёту. Копенгаген,1980. Archived 2022-05-22 at the Wayback Machine (англ.)

Эл аралык аялдар жылы дүйнөлүк конференциясынын отчёту. Мехико, 1975. Archived 2022-05-22 at the Wayback Machine (англ.)

Эскертүүлөр

Колдонулган маалымат булактары:

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7