Боден көлү
Боден көлү — Германия, Швейцария жана Австрия мамлекеттеринин чегарасында, Альп өндүрүндөгү мөңгүнүн аракетинен пайда болгон өрөөндөн орун алган. Аянты 538 км2. Тереңдиги 252 м ге чейин. Түндүк-батышы үчкө бөлүнөт. Жээктери дөбө-дөңсөөлүү, түштүк-чыгышы аскалуу. Көлдөн Рейн дарыясы агып чыгат. Кеме жүрөт, паром байланышы бар. Балык кармалат. Курорттору бар. Жээгинде Констанц, Фридрихсхафен (Германия), Брегенц (Австрия) шаарлары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч