Кулчулук

Кулчулук – 1926-жылдын 25-сентябрында Женевада кол коюлган Кулчулук жөнүндөгү конвенцияга ылайык, «ага карата менчик укугуна таандык кээбир же баардык ыйгарым укуктар колдонулган адамдардын акыбалы же абалы». К. ХIХ кылымдын акырына чейин (АКШ-да 1863-жылы жоюлган, Испанияда – 1886-жылы, Эфиопияда – 1930-жылы, Сауд Аравиясында – 1950-жылы) кеңири тараган адамды бекер пайдалануунун эң байыркы тариздеринин бири болуп саналат. Аны жоюу көп тараптуу мамлекеттер аралык кызматташтыкты талап кыла турган көрүнүш деп таанылган. 1956-жылы 43 мамлекеттин өкүлүнөн турган Женева конференциясы К., кулсоода, К-ка жакын институттар менен салттарды жоюу тууралуу Кошумча конвенцияны жактырган. Ушу тапта дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнүн мыйзамдары тарабынан ага тыюу салынган.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7