Станислав Лем
изилдөөчү
Станислав Херман Лем, пол. Stanisław Herman Lem (Lem, 12. 9. 1921, Львов – 27.3. 2006, Краков) – польшалык жазуучу. Илимий-философиялык фантастика жанрында жазылган көптөгөн чыгармалары, анын ичинде «Эдем» (1959), «Солярис» (1961), «Бийиктиктеги добуш» (1968) романдары жана повесттери бар. «Бийик сепил» (1966) аттуу автобиографиялык романдын, кибернетика, космонавтика, футурология проблемалары боюнча китептердин да автору («Технология суммасы», 1964; «Абсолюттук вакуум», 1971). Анын калемине «Диалогдор» (1957) аттуу философ-социологиялык изилдөө, адабият проблемалары боюнча «Кокустук философиясы» аттуу эссе, «Фантастика жана футурология» (1–2-т., 1970) монографиясы, адабий очерктер жана башка таандык.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч