Хань династиясы
Хань династиясы - б. з. ч. 206 - б. з. 220-ж. Цинь династиясынан кийинки, Үч падышачылык доорунан мурунку Кытайды башкарган императорлор династиясы.
Лю Бан негиздеген. Хань династиясы эки мезгилге бөлүнгөн: Батыш же Алгачкы (Улуу) X. дарыянын (б. з. ч. 206 - б. з. 9) борбору Чанъань жана Чыгыш же Кийинки (Кичи) Хань династиясынын (25-220) борбору Лоян. Баскынчыл согуш жүргүзүп, империянын чек арасын бир кыйла кеңейткен. Орто Азия жана Индия мамлекеттери менен соода мамилелерин түзгөн. Батыш X. д. дыйкандар («Кызыл каштуулар») менен «Жашыл токойдо жашагандардын » көтөрүлүшүнөн (17-27), Чыгыш X. д. 184-204-ж. элдик көтөрүлүштөн («Сары селдечендер» кетөрүлүшү) жана согушчан топтордун күрөшүнөн улам кулаган.
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч