Шпионаж (тыңчылык)
Шпионаж (тыңчылык) (фр. espionage ) – КР кылмыш-жаза укугунда: а) КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыш. Мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды чет өлкөгө, чет өлкө уюмуна же анын өкүлдөрүнө берүү максатында жыйноо, уурдоо же сактоо, ошондой эле, эгер андай жосун чет өлкө жараны же жарандыгы жок адам тарабынан жасала турган болсо, КРдин тышкы коопсуздугуна зыян келтирүү үчүн, чет өлкө чалгындоосунун тапшырмасы боюнча дагы башка маалыматтарды берүү же жыйноо; б) мамлекеттик чыккынчылыктын бир түрү. Ш-дын объективдүү тарабын КР жараны тарабынан жасалган ошондой эле иш-аракеттер түзөт.
Колдонулган адабияттар
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч