Батуми
Батуми шаары - Грузин Республикасындагы шаар (1878-жылдан). Ажар Республиканын администрация борбору. Кара деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан ири порт. Калкы 152 839 (2014). Темиржол жана автомобиль жолдор тоому. Нефть ажыратуу, машина куруу (кеме, нефть жана чай өнөр жайы үчүн жабдуу, электр-техникалык буюмдар), тамак-аш (чай фабрикасы, цитрус комбинаты ж. б.) өнөр жайы, чайдын калдыгынан кофеин алуучу завод, тамеки фабоикасы, университет, 2 театр, 2 музей бар. Аквариум дельфинарий иштейт. Деңиз боюндагы климаттык (Махинжаури, Жашыл Тумшук, Цихисдзири жана Кобулети) курорт. 11-кылымдан чеп катары белгилүү. Шаарга жакын Батуми ботаникалык багы жайгашкан.
Батеми | |||
ბათუმი | |||
Файл:Batumi Georgia 2012.jpg и 1071 - Kaukasus 2014 - Georgien - Batumi (16728246174).jpg | |||
| |||
Өлкө | Грузия | ||
---|---|---|---|
Мэр | Арчил Чиковани | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Аянты | 64,9 | ||
Бийиктиктиги | 3 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | 152 839 (2014) | ||
Жыштыгы | 2355 адам/км2 | ||
Улуттук курамы | грузиндер (93,4%), армяндар (3,0%), орустар (1,9%) | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +4 | ||
Телефон коду | 422 | ||
Почта индекси | 6000–6099 | ||
http://batumi.ge |
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4