Женева көлү
Женева көлү, Леман көл — (кельт тилинде gеnа – чат, дарыя чаты) Швейцария менен Франциянын аймагында, Батыш Альп жана Юра тоолорунун аралыгындагы өрөөндө деңиз деңгээлинен 372 м бийикте жайгашкан. Аянты 582 км2, узундугу 72 км, тереңдиги 310 мге чейин. Жээгинин көп бөлүгү бийик, тик. Женева көлү аркылуу Рона дарыясы агып өтөт. Кеме жүрөт. Жээгинде Женева, Лозанна шаары (Швейцария) орун алган. Климаттык жана бальнеолдук курорттору: Веве, Монтрё (Швейцария), Эвьян-ле-Бен (Франция) жана башка, туризм өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч