Кырым
Кырым — топоним. "Манас" эпосунда ар кыл мааниде: бирде кыргызга кыйырлаш жаткан өлкө, мамлекет катары, бирде адам жеткис алыскы жер катары сүрөттөлөт. Хакас элинин эпосторунда да К. адам өтө алгыс ашуу, тоо катары кезигет. Географиялык реалияда Кара деңиз жана Азов деңизинин ортосунда жайгашкан жарым арал. Бул аймакта, Алтын ордо талкалангандан кийин өз алдынча феодалдык К. кандыгы түзүлгөн (1443—1783-ж.). Кыргыздар кезегинде бул мамлекет жөнүндө кабардар болушкан.
Колдонулган адабияттар
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч