По дарыясы
По дарыясы (итал. Po) – Италиядагы эң узун (652 км) дарыя. Алабынын аянты 75 миң км2 чамасында. Батыш Альп тоолорунан башталып, Падан түздүгү аркылуу батыштан чыгышты карай агат. Адрия деңизине куярда дельтаны (аянты 1,5 миң км2) пайда кылат.
По | |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 652 км |
бассейндин аянты | 75 миң км² |
Негизги (сол) куймалары Альп тоолорунан башталат: Дора-Рипария, Дора-Бальтеа, Тичино, Адда, Ольо. Орточо чыгымы 1460 м3/сек. Жайында жана күзүндө суусу кирип, ташкын болуп турат. Боюнда Турин, Пьяченца (кеме ушул жерден баштап жүрөт), Кремона шаары жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч