13-ноябрь

ОктябрьНоябрьДекабрь
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 

13-ноябрь — жылдын 317-чү күнү (толук жылда 318-чи күн), Григорий календары боюнча жылдын аягына чейин 48 күн бар.

Майрамдар

Окуялар

  • 1805-жылы: Австриялык касапчы Иоганн Ланер сосисканы ойлоп тапкан.
  • 1873-жылы: Түркстан генерал-губернаторунун милдетин аткаруучу генерал-лейтенант Г. Колпаковский Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздардын орус администрациясына келгендигин кабарлаган.
  • 1940-жылы: Willis Motor Co. компаниясы биринчи Жип үлгүсүндөгү унааны сыноодон өткөргөн.


  • 1989-жылы: Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетиндеги идеологиялык комиссиясы Мамлекеттик тил мыйзамынын комплекстүү колдонулушу туурасындагы программаны жактырган.
  • 2003-жылы: Кытайда мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү башталган.
  • 2006-жылы: Депутат Иса Өмүркуловдун үйүнө эки граната ыргытылып, анын бири чатырында, экинчиси короодо жарылган.

Төрөлгөндөр

  • 1745-жылы: Француз новатор жана анын туулган күнүндө “эл аралык көзү азиздер күнүн” белгилеген Валентин Гаюи төрөлгөн.
  • 1955-жылы:
    • Коомдук-саясий ишмер, КРнын экс-вице-премьер-министри Искендербек Айдаралиев туулган.
    • Америкалык актриса Вупи Голдберг туулган.

Каза болгондор

  • 1948-жылы: Орусиялык аскер хирургу, вишневский майын иштеп чыккан Александр Вишневский каза болгон.
  • 1985-жылы: Советтик учкуч, Советтер Союзунун 3 жолку Баатыры Александр Покрышкин каза болгон.