24-ноябрь

ОктябрьНоябрьДекабрь
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 

Жылдын - 328 күнү. Жыл аягына чейин 37 күн бар

  • Заир желеги — Заир, Төңкөрүш күнү (революция) (1965-жыл).
  • Түркия желеги — Түркия, Мугалимдер күнү.
  • Самоа желеги — Самоа, Айымдар күнү.
  • АКШ желеги — АКШ, Достошуу жана адамдардын көңүлүн тартуу күнү (Дейл Карнегинин туулган күнүнө карата белгиленет).

Кыргызстан

  • 1982-жылы: «СССР мамлекеттик чек арасы туурасында» мыйзам кабыл алынган. Аталган мыйзамда Кыргыз ССРинин чек арасы СССРдин тышкы мамлекеттик чеги катары белгиленген.
  • 2006-жылы: ЖКнын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Ахматбек Келдибековдун айтыша кетип, сөздөн муштумга өтүүгө аз калган. Буга спикер Марат Султановго аралашмакчы болгондо, башка депутаттар токтотуп калган.

Дүйнө

  • 1642-жылы: Голландиялык Абель Тасман буга чейин дүйнөгө белгисиз аралдарды ачып, кийин ал жерге Тасмандын ысмы ыйгарылган.
  • 1729-жылы: Орус аскер башчысы, генералиссимус Александр Суворов жарык дүйнөгө келген.
  • 1885-жылы: Америкалык журналист, жазуучу, биринчи жолу англис тилдүү “Moscow News” советтик гезитинин негиздөөчүсү Анна Стронг жарык дүйнөгө келген. Кийинчерээк АКШ менен СССР бири-биринин пайдасы үчүн аны тыңчы деп айыпташып, Стронг Кытайда башпаанектеп жүргөн.
  • 1888-жылы: Америкалык лектор, бир катар белгилүү эмгектердин автору Дейл Карнеги туулган.
  • 1941-жылы: КВНдин режиссёру жана алпаруучусу Александр Масляков төрөлгөн.
  • 1954-жылы: Сербиялык режиссёр Эмир Кустурица туулган.
  • 1961-жылы: БУУ ядролук куралды колдонууга тыюу салуучу Декларация кабыл алган.
  • 1969-жылы: АКШ менен СССР өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимди ратификациядан өткөрүшөт.