22-ноябрь

ОктябрьНоябрьДекабрь
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 

Жыл аягына чейин 39 күн бар

Кыргызстан

  • 1906-жылы: Түркстан генерал-губернаторлугу Пишпекте орусиялык падышалык өкмөткө каршы революциялык чакырыкты билдирген жашыруун чечим кабыл алган.
  • 1919-жылы: Түркстан фронтунун революциячыл аскер кеңешинин чечими менен Жети-Суу фронту дивизиянын укугун алып, өзүнчө Жети-Суу отряды аталган.

Дүйнө

  • 1604-жылы: Испаниянын падышасы 26 жашар Филипп III көз жумган. Анын башкаруусу ак сарайдагы аша чапкан эрежелери менен эсте калган. Падышанын отургучун жылдырган жалгыз кызматкерди таппай калышып, ал каминдин жанында уктап жатканда күйүп кетип каза тапкан.
  • 1808-жылы: Дүйнөдө биринчи болуп туристтик агенттикти негиздеген англиялык Томас Кук төрөлгөн.
  • 1884-жылы: Кан басым менен жүрөктүн согушун өлчөөчү аппараттардын ойлоп табуучусу, немис физиги Карл фон Верордт көз жумган.
  • 1890-жылы: Франциянын экс-президенти, генерал Шарль де Голль жарык дүйнөгө келген.
  • 1909-жылы: Ага-ини Орвилл жана Уилбер Райт аэропландын өндүрүшүүчүн биринчи компанияны уюштурушат.
  • 1916-жылы: Америкалык жазуучу Жек Лондон көз жумган.
  • 1917-жылы: Канадада Улуттук Хоккей Лигасы (НХЛ) негизделген.
  • 1936-жылы: СССРде эгерде кош бойлуулук эненин ден-соолугуна коркунуч жаратса, анда жасалма аборт жасатууга уруксат беришет.
  • 1941-жылы: Ладога көлүнүн үстүндө тоңгон муздун үстүндө блокадада калып кеткен Ленинградды камсыздоо үчүн Жашоо жолунда унаалар жүрө баштаган. Ал 1943-жылдын март айына чейин курчоодогу шаарга баруунун жалгыз жолу болуп калган.
  • 1960-жылы: СССРде аз май коротуучу Запорожец үлгүсүндөгү унаалар чыга баштаган.
  • 1963-жылы: АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди өлтүрүлгөн.
  • 1984-жылы: Америкалык актриса жана ырчы Скарлетт Йоханссон туулган.
  • 1986-жылы: Майк Тайсон Дүйнөлүк боксёрдук кеңештин (WBC) эң оор салмактагы титулун утуп алып, бокстун тарыхында биринчи жаш дүйнөнүн чемпиону атыккан.