Angry Birds


Angry Birds
Иштеп чыгарганRovio Mobile
Мекени Финляндия
Чыккан жылы11 декабрь 2009
Нускасы6.0.1 (iOS)

5.0.0 (Windows phone)
6.0.1 (Android)
4.0.0 (Microsoft Windows)
4.0.0 (OS X)
2.0.2 (Symbian)
1.6.4 (MeeGo 1.2 Harmattan)
1.7.4 (Bada)
1.6.4 (HP WebOS)
1.4.2 (Maemo)
1.0.3 (WebGL)
1.2.4 (Java; Сенсор)

ЖанрБаш катырма
Оюундун режимиБир колдонуучу
Сайтыangrybirds.com

«Angry birds» (кырг. Каардуу канаттуулар)  — «Rovio» компаниясы чыгарган оюндар сериясы. Бул оюндун максаты аталган каардуу куштарды рогатканын жардамы менен ар кандай аралыкта жана бийиктикте орун алган жашыл чочколорду (куштардын душмандары) атып, жок кылышы керек. Анын түзүүчүсү  — «Rovio Mobile» студиясынын маркетинг боюнча директору Питер Вестербака. Бул оюн жарыкка чыгары менен 2 миллион адамдын телефонунан орун алган.

Жаралышы

Жаралыш тарыхына токтолсок, студент достор «Nokia» компаниясынын мобилдик тиркемелер боюнча өткөргөн сынагында жеӊишке жетишип, 2005-жылы «Rovio Mobile» студиясын түзүшкөн. «Angry birds» алар түзгөн 52-оюн. Достор канаттуулар жөнүндө кызыктуу оюн ойлоп чыгууну көздөшөт. Эмнеге канаттуулар? Анткени командада канаттууларды жакшы тарткан жигит болгон. Ойлонуп канаттуулардын каршысына чочкону коюшат. Муну алар «канаттууну баары жакшы көрүшөт, чочкону болсо көп жактырышпайт» деп түшүндүрүшкөн.

Оюндун алгачкы версиясы жаралган соӊ Питер апасына ойноп көрүүнү сунуштап, өзү жумуштары менен бир жакка чыгып кетет. Бир сааттан кийин келсе 1-2 мүнөт ойноп тажаса керек деген апасы дагы деле ойноп отурган болот. Мындан улам кары-жашка бирдей жага турган оюн болоруна көзү жетет. Оюнду жүктөөнүн баасы 0,99 доллар болгон.

Бул чымчыктардын негизинде «20th Century Fox» компаниясы тарабынан «Рио» мультфильми тартылып, мындан сырткары жумшак оюнчуктар, сувенирлер жасалган. 2012-жылы хоккей боюнча өткөн Дүйнөлүк чемпиондуктун расмий тумары катары таанылган.

Аталган оюн 2015-жылы 3 миллиард жолу көчүрүлгөн.

Angry Birds оюндар сериясы

Азыркы кезде төмөнкүдөй оюндар чыккан:

Angry Birds

Angry Birds Seasons

Angry Birds Rio

Angry Birds Space

Bad Piggies

Angry Birds Star Wars

Angry Birds Star Wars II

Angry Birds Go!

Angry Birds Epic

Angry Birds Stella

Angry Birds Transformers

Angry Birds Pop!

Angry Birds Fight!

Angry Birds 2

Angry Birds Trilogy

Angry Birds Magic

Angry Birds Friends

Оюндун атактуулугу

2011-жылдын март айында Rovio студиясы Angry Birds продуктуларынан 56 миллион евро өлчөмүндөгү акча каражаты түшкөнүн жарыялаган. Бул долбоорду баштаардагы салынган акча болгону 100 миң евро болгон. Ошол кезде Angry Birds уюлдук платформалардагы оюндардын тарыхында эң атактуу жана көп каражат түшкөн оюн болуп калган[1].

Ал эми ошол эле жылдын 3-ноябрь күнү оюндун 500 миллион жолу көчүргөн саны катталган, жана оюнга тиешелүү сувенирдик буюмдардын 3 миллиондон ашык саны да сатылган. Оюндун бардык оюнчулары биригип 266 миллард оюн деңгээлдерин өтүшкөн, 400 миллиард чымчык атылган жана 44 миллиард жылдызчалар чогулган. Оюнчулардын бул оюнга короткон убакытын эсептегенде, 300 миллион күнгө туура келген.

2012-жылы оюнду миллиарддан ашык жолу көчүрүп алышкан жана ал оюндун куштары ошол жылы өткөн топтуу хоккей боюнча өткөрүлгөн дүйнө биринчилигинин талисманы болуп калган.

2012-жылы Финляндияда Angry Birds Land аталышындагы оюн-зоок борбору ачылган.