Жузеппе Верди

Жузеппе Фортунино Франческо Верди (итал. Giuseppe Fortunino Francesco Verdi) — (10.10.1813, Ронкеле 27.1. 1901, Милан) италиялык композитор Верди Жузеппе 1813 жылы Италия шаарында туулган. Ал 7 жашынан музыкадан сабак алган. Ал эми 15 жашынан увертюраларды, фортепьяно үчүн пьесаларды чыгарган. 1839-ж. Миланда анын «Оберто, граф Сан-Бонифачо» аттуу туңгуч операсы коюлган. 1842-49-ж. 13 опера жазган, анын ичинде «Эрнани» (1844), «Аттила» (1846), «Луиза Миллер» (1849). 19-кылымдын 50-жылдары жаралган «Риголетто» (1851), «Трубадур» (1852), «Травиата» (1853) өңдүү опералары композитордун атагын чыгарган. 60-жылдары «Симон Бокканегра» (1857), «Дон Карлос» (1867), атактуу «Аида» (1871-ж. Каирде коюлган) операсын, 1886-ж. психологиялык музыкалык драманын жогорку үлгүсү «Отелло» операсын (1887-ж. Миланда коюлган) жараткан. Анын 26 опера, кыл аспаптар үчүн чыгармалары бар. «Отелло», «Травиата», «Риголетто» ж. б. опералары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында коюлган.

Жузеппе Верди
Giuseppe Verdi

Жованни Болдини. Жузеппе Верди. 1886 жыл.
Негизги маалымат
Толук ысымы

Жузеппе Фортунино Франческо Верди

Туулган датасы

10 -октябрь 1813(1813-10-10)

Туулган жери

Ронкола, близ Буссето,
Таро департаментти,
Италия

Өлгөн датасы

27 -январь 1901(1901-01-27) (87 жаш)

Өлгөн жери

Милан, Италия

Өлкө

Ломбардия-Венеция Королдугу Ломбардия-Венеция Королдугу
Италия Королдугу Италия Королдугу

Кесиптери

композитор, дирижёр

Аспаптары

фортепиано

Жанрлары

опера, реквием

Активдүү жылдары

1830-1901

Автографы

[[Файл:|80px}}]]

giuseppeverdi.it

Колдонулган адабияттар