Роберт Паттинсон

Роберт Паттинсон (англ. Robert Pattinson) — 1986-жылы 13-майда Англиянын Лондон шаарында туулган.Англиялык актёр, модель жана музыкант[1].

Роберт Паттинсон
Robert Pattinson

Роберт Паттинсон 2017-жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Роберт Томас Паттинсон
Robert Thomas Pattinson

Туулган датасы:

13 -май 1986(1986-05-13) (37 жаш)

Туулган жери:

Лондон, Улуу Британия

Жарандыгы:

 Улуу Британия

Кесиби:

актёр, ырчы

Карьерасы:

2004 — азыркы учурда

IMDb:

ID 1500155

Өмүр баяны

Роберт Томас Паттинсон 1986-жылы 13-майда Англиянын Лондон шаарында туулган[2].Роберт 12 жашка толгондо апасы уулунун актёрлукка болгон шыгын байкап тааныштары аркылуу театрга киргизген. Паттинсон 18 жашында бир нече кастингге барып жүрүп акыры “Нибелунгдардын шакеги” аттуу тасмага тартылууга мүмкүнчүлүк алган. Аталган тасма 2004-жылы чыккан соң бир жыл өткөндөн кийин, “Гарри Поттер жана оттун кубогу” тасмасына тартылууга киришкен. 2007-жылы Summit Entertainment Паттинсон “Күүгүм” тасмасында Эдвард Каллин аттуу вампирдин ролун аткарарын жарыялаган. Тасмада актёр өзүнүн ролун жеткиликтүү аткарып, болуп көрбөгөндөй атак-даңкка жеткен. Ал 2009-жылы жана 2012-жылы "MTV Movie Awards" сыйлыктарын алган.

Тасмаграфиясы

ЖылыКыргызча аталышыТүпнуска аталышыКаармандык ролу
2004тНибелунгдардын шакегиRing of the NibelungsГизелхер
2005тГарри Поттер жана оттун кубогуHarry Potter and the Goblet of FireСедрик Диггори
2006тКуугунтуктоочу Тоби ЖаггThe Haunted AirmanТоби Жагг
2007тГарри Поттер жана Феникс ОрдениHarry Potter and the Order of the PhoenixСедрик Диггори
2007тЖаман апанын күндөлүгүThe Bad Mother’s HandbookДэниэл Гейл
2008тЖайкы үйSummer HouseРичард
2008тКүүгүмTwilightЭдвард Каллен
2008тОлдоксон куракHow to BeАрт
2008тӨткөөл мезгилдеги жаңырыктарLittle AshesСалвадор Дали
2009тКүүгүм. Сага. Жаңырган айThe Twilight Saga: New MoonЭдвард Каллен
2010тМени эстеRemember MeТайлер Хоукинс
2010тКүүгүм. Сага. ТутулганThe Twilight Saga: EclipseЭдвард Каллен
2011тКүүгүм. Сага: Агарган таң — 1-бөлүкThe Twilight Saga: Breaking Dawn - Part 1Эдвард Каллен
2011тПилдер суусу!Water for ElephantsЖейкоб Жанковски
2012тСүйүктүү досумBel AmiЖорж Дюруа
2012тКүүгүм. Сага: Агарган таң — 2-бөлүкThe Twilight Saga: Breaking Dawn - Part 2Эдвард Каллен
2012тКосмополисCosmopolisЭрик Пэкер
2013тМиссия: Кара тизмеMission: BlacklistЭрик Мэддокс
2014тРоверThe RoverРейнолдс
2014тЖылдыздардын картасыMaps to the StarsЖером Фонтана
2015тӨмүрLifeДеннис Сток
2015тБалачактын лидериThe Childhood of a Leader
2015тЧөлдүн КоролевасыQueen of the DesertТомас Эдвард Лоуренс
2016тЖоголгон шаар ZThe Lost City of ZГенрих Костин
2016тМени кармаHold On To MeЖимми
2017т~Good TimeКонни Никас

Жеке жашоосу

"Күүгүм" тасмасында тартылуу учурунда Роберт Паттинсон актриса Кристен Стюарт менен жолуккан. Экөө мамиле куруп, 2012-жылы актриса бир эле убакта режиссёр Руперт Сандерс менен да мамиледе болгону ачыкталган[3][4].

Бул окуядан кийин экөө келечектеги үй-бүлөсү үчүн сатып алган үйүн сатып жиберип[5], эки айрым жолго түшүшкөн.Бир нече убак өткөн соң экөө кайра элдешип, бирок кайра эле мамилелерин токтотушкан[6].

2014-жылдан тарта Роберт Паттинсон ырчы FKA twigs (Талия Дебретт Барнетт) менен кыз-жигит болуп, 2015-жылы апрель айында баш кошо турганын айтышкан.

Кызыктуу маалыматтар

  • Дээринен уялчаак жигит. Кыздар тийишип сөз айтып койсо эле кызарып кетет. Сейил бакты же көчөнү аралап басканды абдан жакшы көрөт. Бирок популярдуу болгондон кийин көчөдө эркин басып жүрө албай калган.
  • Ырымдарга аябай ишенет. Көздөгөн иши оңунан чыкпай жаткан болсо, “эмне күнөө кылдым эле?” деп башын кармап отуруп калат.
  • Ыр жазат жана ага обон чыгарат. Азырынча ырчы болуп акча табууну көздөбөйт. Кусалыкка батып турганда гана ырдап коёт. “Күүгүм” тасмасындагы «Let me sign» ("Мага белги берчи") деген ырдын сөзү, обону, аткаруучусу да Паттинсон өзү.
  • Бош убактысын лыжа тебүүгө, сноубордго жана футболго арнайт.
  • Робду бүгүнкү күндө актёр катары эмес, ийгиликтүү модель деп да билүүгө болот.
  • Британиянын көптөгөн түстүү журналдары Робертти “Учурдун эң сексуалдуу мырзасы” деп белгилешкен. Бирок Роб өзүн сексуалдуу деп эсептебейт, өзүн чыныгы эркекмин деп билет.

Эскертмелер

Шилтемелер