Эоцен
Эоцен (гр. eos - таңкы жарык) - палеоген мезгилинин 2-геологиялык бөлүмү, палеоценден кийин, олигоценден мурда болгон.
Мындан 56 млн жыл мурда башталып, 22 млн жылдай созулган. Эоценди шотландиялык геолог Чарлз Лайель 1833-ж. сунуштап, андан 1855-ж. олигоцен, 1874-ж. палеоцен бөлүнгөн. Эоцендеги негизги окуялар: азыркы сүт эмүүчүлөрдүн көпчүлүгү пайда болгон; тропик өсүмдүктөрү дүркүрөп өскөн; деңиздердин трансгрессиясы бир кыйла ургалдуу жүргөн. Көптөгөн нефть, газ жана күрөң көмүр кендери Эоценчөкмөлөрү менен байланышкан.
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч