10 Январь (Үчтүн айы)

10-январь - Григорий жылсанагы боюнча жылдын 10-күнү, жылдын аягына чейин 355 (толук жылда 365) күн бар.


январь
ДшШшШрБшЖмИшЖк
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031    
2024-ж.

Майрамдар

Улуттук

Окуялар

Ошондой эле караңыз: Категория:10-январь окуялары

Кыргызстанда

  • 1936 — кыргыздардын он эки уруу башчылары Балх өкүмдарынын ордосуна келишкен.
  • 1967 — Орусия империясынын Батыш Сибирь аскер губернатору А. Дюгамель аскер министри Д. Милютинге кыргыздын бугу уруусунун өкүлүнө манап мансабын ыйгаруу маселеси менен кайрылган.
  • 1905Түркстан генерал-губернатору аскер министрине милициянын аскер старшинасы Шабдан Жантай уулуна жер бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.
  • 1934Кыргыз АССРинин VII партиялык конференциясы өз ишин баштаган.
  • 1939Кыргыз ССРинин Эл артисти деген наам бекитилген.

Дүйнөдө

  • 1863 — Лондондо дүйнөдөгү эң алгачкы метро линиясы ачылган.
  • 1960АКШнын Лоренс шаарындагы 5 кабаттуу “Пембертон Милл” фабрикасынын имараты урап, өрт чыккан. Анын кесепетинен 100дөй адам каза болуп, 300дөй киши жаракат алышкан
  • 1962Перудагы Анд тоосунун Невадо-Уаскарон чокусунан болжол менен 3 миллион метр кубга жеткен кар жана муз көчкөн. Бул дүйнөдөгү эң ири көчкүлөрдүн бири болуп катталган. Көчкү Ранипаирка шаарчасын жана 6 айылды жер менен жексен кылып, дагы 3 айылды жарым жартылай басып калган. Болжол менен 4000дей киши каза болгон.
  • 1972Львов шаарында жүргүнчүлөрү бар трамвай рельстен чыгып кетип, аялдамада турган элди жана мектептин имаратын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 26 киши каза тапкан.
  • 2014 — Яя Туре Африканын 2013-жылдагы “Мыкты футболчусу” болуп табылган.
  • 2014Аргентинадагы Вилья-Хесель курорттук шаарына түшкөн чагылгандан 3 адам каза таап, 22си жаракат алган. Окуя пляжда болуп, эс алуучулар жамгырдан коргонуп чатырга кирген кезде, ага чагылган түшкөн. Каза болгондор 17,19 жана 21 жаштагылар болгон.

Төрөлгөндөр

  • 1815 — Жон Макдональд, Канаданын биринчи өкмөт башчысы.
  • 1908 — Төрөбай Кулатов, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер.
  • 1913 — Густав Гусак, Чехословакиянын президенти (1975—1989).
  • 1934 — Леонид Кравчук, Украинанын туңгуч президенти (1991—1994).

Каза болгондор

  • 1944 — Зина Портнова, Советтер Союзунун Баатыры.
  • 1971 — Коко Шанель, франциялык кутюрье.
  • 2016 — Дэвид Боуи, британиялык рок-музыкант, актёр.