Винсент Ван Гог
Винсент Виллем Ван Гог (нидерланд тилинде Vincent Willem van Gogh, 30 март 1853, Түндүк Брабант, Грот-Зюндерт, Нидерланддар — 29 июль 1890, Парижге жакын Овер-сюр-Уаз, Франция) — бүткүл дүйнөгө атагы чыккан нидерланддык сүрөтчү. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылган. 1881-85-жылы Голландияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштап, адепки чыгармаларында («Дыйкан аял», 1885; «Картошка жеп жаткандар», 1885) карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. 19-кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психол. образдарды түзгөн. 1886-88-жылы Парижге келип, импрессионисттик живопись менен япон гравюрасын үйрөнгөн, француз сүрөтчүлөрүнөн таалим алган. Бул жерде «Сена көпүрөсү» (1887, Амстердам, Ван Гог музейи), «Танги атанын портрети» (1887, Париж, Роден музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1880жылдар Baн Гогдун зор чеберчиликке жетишкен учуру болгон. Бул мезгилде ал «Сент-Мари балыкчыларынын кайыктары» (1888, Амстердам, Ван Гог музейи), «Арлидеги кызыл жүзүмзар» (1888, Мамлекеттик көркөм сүрөт музейи) жана башка көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан. Анын чыгармачылыгына ачык боёктуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. Baн Гогдун чыгармачылыгынан европа маданиятынын тарыхындагы татаал, бурулуш учур жана 19-кылымдагы реализм менен буржуазиялык гуманизмдин кризиси даана байкалат.
Винсент Ван Гог | |
Туулган жылы: | 30 -март 1853 |
---|---|
Туулган жери: | Грот-Зүндерт, Нидерланддар |
Каза болгон жылы: | 29 -июль 1890 (37 жаш) |
Каза болгон жери: | Овер-сүр-Уаз, Франция |
Ишмердүүлүгү: | |
Жарандыгы: |
Өмүр баяны
Дин кызматкеринин үй-бүлөсүнөн. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылган. 1881-1885-жылы Голандияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштаган. Адепки чыгармаларында карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. XIX-кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, Кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу,курч психологиялык образдарды түзгөн.
1886-1888-жылдары Парижге келип, импрессионисттик живопись менен япон гравюрасын үйрөнгөн, франсуз художниктеринен таалим алган. Бу жерден көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан.
1880-жылдар ̶ Ван Гогдун зор чеберчилике жетишкен учуру. Анын чыгармачылыгына ачык боёктуулук,курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык,өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. Ван Гог чыгармачылыгынан европа маданиятытын тарыхындагы татаал,бурулуш учур жана XIX-кылымындагы реализм менен буржуазиялык гуманизмдинкризиси даана байкалат.
Ван Гогко арналган кино-филимдер
- Өмүргө суктануу (фильм, 1956) — США
- Ван Гог (фильм) — Франция, 1991, режиссёр Морис Пиала
- Өмүргө суктануу (фильм, 1999) — Япония
- Винсент Ван Гог (документалдык фильм, 1999) — Франция
- Винсент менен Тео — США, 1990, режиссёр Роберт Олтмен
- Ким Доктур — 5 сезон, 10 серия («Винсент менен Доктур»)
- Түш(фильм, 1990) - «Каргалар» эпизоду, режиссёр Акира Куросава
Галерея
Автопортреттери
- Художник сымал
- Гогенге арналган
- Автопортрет 1887-жыл
- Винсент Ван Гог. Автопортрет, 1889
- Кызыктуудай кулагы менен
- «Автопортрет»
Күн карамалар
- Күн карамалар (1888)
- Төрт соолуган күн карама (1887)
Ирис гүлдөрү
- Ирис гүлдөрү
- Иристер (1889)
- Ирис гүлдөрү (1889)
- Ирис гүлдөрү (1890)
Пейзаж
- Жылдыздуу түн
- Кафедеги түнкү жай (1888)
Ар түркүн
- Кызгылт розалар
- Камактагылардын сейили
- Дарыгер Рейдин портрети
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4